Батмакан Жолболдуева Эрулан Көкүловго жолукканы барганбы? Ал окуя боюнча Алихан Ураимов эмне деди?

Батмакан Жолболдуева Эрулан Көкүловго жолукканы барганбы? Ал окуя боюнча Алихан Ураимов эмне деди?

Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов блогер, журналист Батмакан Жолболдуевага кол көтөргөнү тууралуу эркин журналист Алтынай Арстанбекова жазып чыкты. Ал окуя боюнча видео да тарады. Кесиптешибиз А.Арстанбекованын айтымында, Б.Жолболдуева ЖК депутаттарынын Лейлекте эл менен жолукканын чагылдырганы барыптыр. Бирок анын катышуусуна Ураимов каршы болуп, «расмий журналист эмессиң» деп чыгып кетишин талап кылып, күч колдонгон.

Батмакан Жолболдуеванын айтымында, Ураимов аны уруп, телефонун тартып алып, чачынан сүйрөгөн. Учурда ал Лейлек районунун ооруканасында дарыланууда. Окуя боюнча милицияга кайрылып, арыз жазган.

Көп узабай Ураимов да бул окуя боюнча «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Жолболдуеванын айткандарын жокко чыгарган кайрылуу менен чыкты. Анын айтымында, жыйынга расмий массалык маалымат өкүлдөрүн гана чакырган, Жолболдуева тизмеде жок болгондуктан чыгып кетүүсүн талап кылганда, ал аны муштап, ургулап, кийимдерин тытмалап, аброюна шек келтирген сөздөрдү айткан.

Бул окуя боюнча коомчулукту кабардар кылган кесиптешибиз Алтынай Арстанбекованын айтымында,  Баткенде чиновник ур-токмокко алган деп жаткан Батмакан Жолболдуева Баткен жергесинде «сапатсыз, мөөнөтү өтүп эскирген» товарларды текшерген активист кыз экен. Көчмө жыйынга да Баткендеги кымбатчылыкты, эскирген кандай азык-түлүктөр келип жатканын айтайын деп келген экен. Жыйынга келген депутаттар арасында учурунда Батмакандай азык-түлүк коопсуздугун текшерген эркин журналист, учурда ЖК депутаты Эрулан Көкүлов да болгондуктан… Батмакан, балким, башкасы болбосо да, Эрулан түшүнөр, көзөмөлгө алар деп барса керек…
Негизи депутаттар Батмаканды бир эле эркин журналист катары эле эмес, аларды шайлаган, эл саламаттыгына кайдыгер эмес жарандардын бири катары угуп койгонго милдеттүү болушчу…
Айтмакчы, Алтынай Арстанбекованын айтымында, Батмакан эле эмес, депутаттарга 2021-жылы май айындагы чек арадагы окуяларда жабыркагандар барса да, милиция киргиздирбей коюптур…
Эми эмне болот… окуянын чечилишин байкай туралы…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Батмакан Жолболдуева Эрулан Көкүловго жолукканы барганбы? Ал окуя боюнча Алихан Ураимов эмне деди?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.