“Манас Ордо” комплексинин директору алмашты. Жаңы жетекчи болуп ким келди?

“Манас Ордо” комплексинин директору алмашты. Жаңы жетекчи болуп ким келди?
Талас облусундагы Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин директору болуп Дооронбеков Марат Дооронбекович дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кечээ, 5-февралда жарыялаган.

Ой, ким бул, ой?!

Жаңы жетекчинин өмүр баяны

51 жаштагы Дооронбеков Марат Дооронбекович 1971-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. Талас облусундагы Күмүштак орто мектебине 1995-2003-жылдары тарых сабагынан окуучуларга сабак берген. 2003-жылдан 2007-жылга чейин Д. Дүйшөбаев атындыгы орто мектептин директору, 2007-2010-жылдары — Бакай – Ата райондук Баратбай Жунусов атындыгы орто мектептин директору жана Бакай–Ата райондук кеңешинин депутаты болгон.
2010-жылдан 2021-жылга чейин Бакай- Ата райондук билим берүү бөлүмүн башчысы болуп эмгектенген. 2021-жылдан баштап ушул күнгө чейин Талас билим берүү услулдук борборунун директору болуп иштеп келген.
Коомдук ишмердүүлүгү:
2001-жылдан «Боо-Терек Келечек» коомдук фондунун жетекчиси.
2001-2003-жылдары коомдук фонд тарабынан Боо-Терек айылына жаңы мектеп курулуп, ага 1 млн. сомдон ашык чет элдик инвестиция тартылган. 2008-жылдан 2010-жылдар аралыгында Боо-Терек айылында спорт залы курулуп, ага 2,5 млн. инвестиция тартылган.
Марат Дооронбековичти жакындан билгендер «мыкты адис, мыкты жетекчи, барган жерин гулдөтөт» деп мактап келишет. «Манас Ордосун» да гүлдөтөт деген ишенимдебиз. Ийгилик каалайбыз!
Эске сала кетсек, Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин мурдагы директору Ормошбек Чоюнбаев былтыр, декабрда кызматтан алынган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on ““Манас Ордо” комплексинин директору алмашты. Жаңы жетекчи болуп ким келди?

  1. Поздравляю Вас с назначением директором музея!
    Надеюсь, что этот музей станет ещё лучше, потому что мы знаем, Вы человек достойный, порядочный,и всё сделаете для дальнейшего процветания
    этого музея.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.