Аскарбек ЖАНЫБЕКОВ, министр: «Кыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алат»

Аскарбек ЖАНЫБЕКОВ, министр: «Кыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алат»

Кыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алат. Картөшкө менен 123%, сүт менен 132% жана жашылча.

Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, социалдык маанилүү башка азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолот. “Өлкөгө азыктык буудай 45%, кумшекер 50% жетпей калды. Биз өзүбүз 20% жетпеген гана көлөмдө өсүмдүк майын, 55% жумуртканы өндүрөбүз. 2024-жылдары биз кумшекер жана азыктык буудай менен камсыздайбыз”, — деди Жаныбеков.

Кыргызстан ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Өзбекстандан алат.

Былтыр Кыргызстанда сугат суунун тартыштыгы жана аптаптуу ысыктан улам буудайдын дүң жыйымы 41,4%, арпанын түшүмү 58% кыскарган. Буга байланыштуу буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40% кымбаттаган.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн буудайды сыртка экспорттоого тыюу салып, өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгын убактылуу алган.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 2022-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.