Травматология жана ортопедия илимий борборундагы окуяны атайын комиссия иликтей баштады

Травматология жана ортопедия илимий борборундагы окуяны атайын комиссия иликтей баштады

Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий борборундагы окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия иликтей баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек,  аталган борбордун жетекчиси, профессор, академик Сабырбек Жумабеков менен Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тиреши февралдын башында башталган.

2-февралда Сабырбек Артисбекович: «Мени министр кызматтан алдым» дегендей кылып,  жумушка келип, айтып кетиптир» деген эле…

3-февралда профессор Сабырбек Жумабеков журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, президентке кайрылган.

4-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, Сабырбек Жумабеков кызматтан алынганын, анын ордуна жаңы директору болуп Гулия Кожокматова жана башкы дарыгери болуп Дамир Дүйшөнов дайындалганын билдирген. Ошол эле күнү Жумабеков президент Садыр Жапаров кызматтан кет демейинче кетпей турганын билдирген.

5-февралда бир топ адамдар Сабыр Жумабековду колдоп, пикетке чыгып, министрдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

Бүгүн, 7-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радиого маек берип жатып, таластыктардан кечирим сурады.

Ушул эле күнү Бишкек шаарынын мэриясы талаш маселе боюнча маалымат таратты. Алардын маалыматына караганда, 2004-жылы Травматология борбору түзүлүп, ага директор болуп Сабырбек Жумабеков дайындалган. Бирок 2017-жылы кайра жаңы келишим түзүлгөн. Тагырагы, Саламаттык сактоо министрлиги менен мэриянын ортосунда саламаттык сактоо тармагы боюнча кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюлган. Ошонун негизинде, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Саламаттык сактоо министрлигине карап калган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.