Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалып, ооруканада жаткан Егорду көргөнү барды

Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалып, ооруканада жаткан Егорду көргөнү барды

Кыргызстанда акыркы үч жылда балдарга карата сексуалдык зомбулук дээрлик эки эсеге, психологиялык зомбулук үч эсеге, физикалык зомбулук 30% көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-февралда билдирди.

Алардын айтымында, мекеменин жетекчиси Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалып, ушул тапта Бишкектин №3 балдар ооруканасында жаткан Егорду көргөнү барганда өлкөдө 110 миңден ашык адам оор турмушта жашап жатканын, алардын 360 миңге жакын баласы бар экенин айтты. Президенттин тапшырмасы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр жарыгына болгон баа төмөндөтүлгөнүн да кошумчалады.

Белгилей кетсек, 7-февралда Акыйкатчы институту былтыр укук коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө, анын 118и сексуалдык мүнөздөгү укук бузуулар экенин кабарлаган.

Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 миллион 391 миңди түзөт. Ата-энесинен, жакын тууганынан же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар буга чейин деле катталган.

Эске сала кетсек, 3-февралда Сокулук райондук аймактык ооруканасына 1 жаш 8 айлык наристе денесиндеги көгала тактар менен алып келинген. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.