Талапкерлер чүчү кулак тартып, кимиси кайсы номурга туш болду? (Тизме)

Талапкерлер чүчү кулак тартып, кимиси кайсы номурга туш болду? (Тизме)

Бүгүн, 8-февралда БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрдү. Чүчү кулак тартууга талапкерлер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү, коомдук байкоочулар катышты.

№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча:

1. Нурматов Темирбек Асанович;

2. Нурдинов Бейшеналы;

3. Тотонов Нурбек Темирбекович;

4. Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна;

5. Искендеров Элман Хыдырович;

6. Кермалиев Таалайбек Женишович;

7. Мамбетсадыков Азамат Нурбекович;

8. Давлянов Дамирбек Тайырбекович;

9. Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич;

10. Савин Виктор Евгеньевич;

11. Ибраймакунов Данияр Омурбекович;

12. Акылбеков Русланбек Акылбекович;

13. Тилектешов Улукбек Тилектешович;

14. Капаров Чынгыз Капарович;

15. Ремнев Роман Павлович;

16. Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович;

17.  Гапаров Адылбек Абдикаримович;

18. Тагайбек Султан;

19. Абдыкадыр уулу Бектур;

20. Мусаев Тахир Насырович;

21. Сартаев Анвар Айдарович;

22. Абдыразакова Айжан Улановна;

23. Токтокожоев Таалайбек Самудинович;

24. Акеров Табылды Абдраманович;

25.  Токтакунов Нурбек Акбарович;

26. Сариев Акылбек  Аблабекович;

27. Жуков Виталий Юрьевич.

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча:

1. Майрамбек уулу Калыс;

2. Маматкулов Нурланбек Жолошович;

3. Султанбеков Муратбек Кенешбекович;

4. Аспек уулу Азамат;

5. Хакимходжаев Зуфар Шавкатович;

6. Алмамбетова Гуля Идиновна;

7. Курманов Ильяс Зайнидинович;

8.  Босивская Кристина Валерьевна;

9.  Джоомартова Рыскан Абдиевна;

10. Бакиров Бакыт Жеентайович;

11. Строкова Евгения Григорьевна;

12. Атазов Шайлообек Карыбекович;

13. Болотбеков Бакытбек Болотбекович;

14. Абышев Медер Болотович;

15. Бейшенбаев Эдиль Нурбекович;

16. Алканова Элнура Сайдиракмановна;

17. Саадабаев Бакытбек Муратбекович;

18. Исираилова Анара Усонбековна;

19. Джумагазиева Нуржан Курманбековна;

20. Токмулин Рафаель Мубаракович;

21.  Алмаз уулу Аскар;

22. Карамушкина Ирина Юрьевна;

23. Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич;

24.  Салянова Аида Женишбековна;

25. Жолдошова Назгүл Амантуровна.

Эске сала кетсек,  былтыр (2021-жылы) 28-ноябрда парламенттик  шайлоо болуп өткөн. Жогорудагы эки округдагы шайлоочулардын көбү “баарына каршы” добуш берген. Ошондон улам, БШК быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындаган.

Шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталган. Ал 26-февралда, саат 8:00дө аяктайт.

Белгилей кетсек, былтыр 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. Жогоруда шайлоого аттанган 53 талапкердин экөөсү гана парламентке депутат болуп келет. Ийгилик каалайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.