Министрлер кабинетинин буйругу менен Керим Тураповдун ордуна Алмазбек Истамбаев келди. Ал ким?

Министрлер кабинетинин буйругу менен Керим Тураповдун ордуна Алмазбек Истамбаев келди. Ал ким?
Керим Турапов өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан ушул жылдын 28-январында бошотулган.
Бүгүн, 9-февралда Министрлер кабинетинин буйругу менен А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп Алмазбек Истамбаев дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жаңы жетекчини эмгек жамаатына маданият министри Азамат Жаманкулов тааныштырып, анын алдына бир топ талаптар коюлгандыгын баса белгилеген. Ошондой эле, министр жаңы спекталдери алып чыгуу, театрдагы менеджерлик ишти алдыга жылдыруу жана эмгек жамаатта туруктуу чыгармачыл атмосфераны түзүп берүүнү эскерткен.
Ой, ким бул, ой?!

Алмазбек Истамбаевдин баскан жолу

50 жаштагы Алмазбек Истамбаев 1972-жылы төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Эки кесиптин ээси. К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясын жана И. Арабаев атындыгы Кыргыз Мамлекеттик уинверситетинин Экономика жана менеджмент институтун аяктаган.
2000-жылдан 2019-жылга чейин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында опера солисти болуп эмгектеген. Ал ортодо А. Жумахматов атындагы Кыргыз Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин директору болгон
2020-жылдан “Евразия ааламы – XXI кылым” мамлекеттер аралык форумунун Көркөм жетекчиси, «Кыргыз Конгресси» Бүткүл россиялык коомдук уюмунун Маданият жана искусство комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. Андан кийин, 2021- жылы Эл аралык «Генезис» симфониялык поэмасы долбоорунун («Дүйнөнүн жаралышы») Кыргызстандагы менеджери жана эл аралык кайрымдуулук долбоорунун координатору болгон.
Эске сала кетсек, аталган театрды 3 жыл (2019-жылдан бери) Кыргыз эл артисти Керим Турапов жетектеген. Ал бул кызматтан өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан ушул жылдын 28-январында бошотулган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.