Атактуу адамдарга айкел орнотууга мораторий жарыялоо сунушталды. Бул туурабы же туура эмеспи?

Атактуу адамдарга айкел орнотууга мораторий жарыялоо сунушталды. Бул туурабы же туура эмеспи?

«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемеси Бишкекке айкел тургузуу, эстеликтерди орнотуу боюнча чектөө сунушталганы тууралуу басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын айтымында, бул маселе боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кат жиберишкен. Анда эстелик орнотууга мораторий жарыялоо сунушталганы жазылган.

Бишкекте 260тан ашык айкел, эстеликтер бар экендиги айтылып, атактуу адамдардын айкелдери өтө эле көп болуп кеткени жазылат маалыматта. Эстеликтерди батыруу, тазалоо, оңдоп турган атайы караган мекеме да жок. Коомго эмгеги сиңген адамдардын атын даңазалоо маанилүү болгону менен орун калбай калыптыр. Учурда коомдук уюмдар, жеке адамдар кимдир бирөөнүн атын түбөлүк калтырууну көздөп, шаарга эстелик орнотуу арызы менен көп кайрылып жатышыптыр, өзгөчө Эмен багы, Панфилов паркы, Эркиндик бульварына айкел койгусу келгендер көп. Ошондой эле, маалыматта көп эстеликтер сапатсыз жасалып, бат эле бузулуп жатканын баса белгилешкен.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.