Былтыр майдан бери кыргыз-тажик чек арасын 81 чакырым тилкеси такталды

Былтыр майдан бери кыргыз-тажик чек арасын 81 чакырым тилкеси такталды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу 10-февралдан 15-февралга чейин Кыргызстандын аймагында өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев маалымдады. Анын айтымында, эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуусу эки айдан бери токтоп турган.

Топографиялык жумушчу топту Кыргызстандан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-майынан баштап ушул күнгө чейин эки тарап 81 чакырымдан ашык чек ара тилкеси боюнча такташкан.

Эске сала кетсек, 27-январда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. 29-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов жолугуп, чек араны тактоо боюнча топографиялык жумушчу тобунун ишин жандандыруу чечилген.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Эки мамлекеттин чек арасындагы тактала элек тилкелерден улам, эл арасында кагылышуулар болуп келатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.