Кыргызстанда АЭС куруу долбооруна каршы петицияга кол топтолууда

Кыргызстанда АЭС куруу долбооруна каршы петицияга кол топтолууда

Кыргызстанда экологиялык уюмдардын мүчөлөрү менен активисттер өлкөдө атомдук электр станциясын курууга каршы кол топтой баштады. Онлайн петицияны 8-февралга карата 60тан ашык киши колдоду.

Активисттер АЭСке сырье кайдан келери, иштетилген калдыктар каякка кетери, аны зыянсыздандыруу кандай болору жана башка коопсуздук маселелери тууралуу маалыматтар жок экенин билдиришти.

20-январда Дубайда өткөн ЭКСПО-2020 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Энергетика министрлиги Орусиянын «Росатом» корпорациясы менен Кыргызстанда АЭС куруу тууралуу моеморандумга кол коюлганын билдирген. Ага ылайык, Кыргызстанга RITM-200N реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу пландаштырылууда.

Министрлик 21-январда маалымат берип, мыйзамдар, көп тараптуу экспертизалар, экологиялык коопсуздук өңдүү жагдайлар эске алынган жана узакка созулган жараяндын негизинде гана АЭС куруу чечими кабыл алынышы мүмкүн экенин кабарлаган.

Climate Action Network аттуу климаттын өзгөрүүсүнө багытталган уюмдун Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча координатору Ольга Бойко буга чейин Кыргызстанда АЭС куруу долбоорун сындаган.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.