МАДУМАРОВ: «УКМК кызматкерлери Ураимовду үйүнөн балдарынын көзүнчө кармап кетиптир. Токтотпойсуңарбы!»

МАДУМАРОВ: «УКМК кызматкерлери Ураимовду үйүнөн балдарынын көзүнчө кармап кетиптир. Токтотпойсуңарбы!»

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери аны үйүнөн балдарынын көзүнчө кармап кеткенин билдирди.

Адахан Кимсанбаевичтин айтымында, Ураимов эч жакка качпайт, кетпейт, суракка чакырылса убагында барат. «Ушул практиканы токтотпойсуңарбы! Түн киргенде барып баса калып кармаган практикага качан келип калдык? Кыргызстанда мындай болчу эмес эле го. Өзүнүн пикирин айтып койгон кишини жасалма жол менен баса калган болбойт!”, — деди депутат.

Буга чейин, «Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов пикир жазып койгону үчүн 48 саатка камалганын, оппозициялык саясий көз карашта болгону үчүн кармалганын партиялаштары жазып чыгышкан. Алардын бири экс-депутат Орозайым Нарматова. Анын айтымында, Ураимов «Мекендеш ТВ» маалымат баракчасынын негиздөөчүсү, эркин журналист. Ал 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучулардын бири.

УКМКнын айтымында…

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мирлан Ураимовдун кармалышы тууралуу маалыматты кечээ, 8-февралда тараткан. Алардын маалыматына караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык» беренеси менен айыпталган. Ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ушул тапта УКМКнын алдында Мирлан Ураимовдун тарапташтары турат. Алар аны бошотууну талап кылышууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.