«Эркин Тоо» гезитинин эмгек жамааты президентке кайрылуу кат жазышты. Алар Аленовго эмнеге нааразы?

«Эркин Тоо» гезитинин эмгек жамааты президентке кайрылуу кат жазышты. Алар Аленовго эмнеге нааразы?
“Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин эмгек жамааты президентке, мамлекеттик катчыга кайрылуу кат жазышты. Анда алар аталган гезиттин башкы редактору Бахпурбек Аленовго нааразычылыктарын билдиришкен. Кайрылуу катты толугу менен төмөндөн окуй аласыздар!
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.ЖАПАРОВго,
Мамлекеттик катчы
С.С.КАСМАМБЕТОВго,
Президенттин маалымат катчысы
Э.А.СУЛТАНБАЕВге,
Президенттик Администрациянын
Маалыматтык саясат бөлүмүнүн
башчысы
А.М. ЖУМАЕВге

КАЙРЫЛУУ КАТ!

“Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин башкы редактору Бахпурбек Аленов 2020-жылдын октябрь айында кызматка келген. Ал келген күндөн тарта мамлекеттик кызматкердин этикасына сыйбаган иштерди жасап келет. 2020-жылдын декабрь айынын акыркы күндөрү “келе жаткан жаңы жыл майрамына карата майрамдык чай уюштуралы” деген сунуш үчүн жамаатты чогулушка чакырып, “Мен силердей адамдар менен бир столдо олтуруп, тамак ичкенден жийиркенем” деген сөздөрдү айтып, майрам алдында улуу-кичүүгө карабай, кыйкырып урушкан.
Пландоочу чогулушта пенсия курагындагы журналисттерге жаш курагы үчүн келекелеген сөздөрдү айтып, басынткан учурлар бар. Өз пикирин айткандардын оозун басып, шылдыңга алат. Тажрыйбалуу журналист Азизбек Чамашев өз пикирин айтканы үчүн кыйкырынып урушуп, “керек болсо сенин жазгандарыңды туалетке алып барып ташташ керек” деген сөздөрдү айткан.
Дагы бир кызматкер Сымбат Максутованы бир жылдан бери эзип, шылдыңдаган сөздөрдү айтып, «эми сени менен келишим түзбөйм» деп айтууда. «Эркин Тоо» 30 жылдан бери келишими жок иштеген чыгармачыл, туруктуу мамлекеттик газета. Адамды басынтуу, келекелөө ал үчүн кадыресе көрүнүш. Аленовго ар кандай өтүнүч же анын кайсы бир чечими боюнча сүйлөшөйүн, түшүндүрөйүн деп киргендер болсо, алардын сөзүн уккусу да келбей, кубалап чыккан учурлар бар.
Гезиттин Уставына ылайык, Редколлегия гезиттин ишмердигинде негизги ролду ойноого тийиш. Бирок Бахпурбек Аленов келген күндөн баштап Редколлегия өз ишин токтотту. Бардык маселелерди Башкы редактор жеке өзү жана айлана-тегерегиндеги (башкы бухгалтер жана орун басарлары) адамдардын субъективдүү пикиринин негизинде чечип келет. Кадрларды эч бир түшүндүрүүсүз орун которуштуруп же кызмат ордунан алып, өзү каалагандай чечимдерди кабыл алат. Аленов көптөгөн кызматкерлерди жумуштан кетүүгө мажбур кылды. Учурда жамааттын жарымына жакыны жумуштан аргасыз кетишти же кетүү алдында турушат. Башкы бухгалтер Эллегия Асылбекова редактордун кысымынан кан басымы түшпөй жүрүп, акыры өз арызын жазууга мажбур болду. Башкы редактор Түрк элчилигинин колдоосу менен Түркияга барып келгенден кийин, башкы бухгалтерге кысым күчөдү. Себеби, Аленов бардык чыгымдары чакыруучу тарап каржылаганына карабай бухгалтериядан командировкалык каражат сураганда, Э.Асылбекова баш тартып, «мыйзамга туура келбейт» деген жооп айткан. Түркиядан келгенден көп узабай Аленовдун одоно мамилесине чыдабай башкы бухгалтер арызын жазды. Учурда башкы бухгалтер болуп мурдагы кассир иштеп жатат. Ошол эле кезде анын ордуна жаңы кассир жумушка кабыл алынган экен. Бирок, аны ушул күнгө чейин эч ким көрө элек, ошентсе да табелде жүргөнүн көргөндөр бар жана квитанцияларда кассир деп бизге тааныш эмес адамдын фамилиясы жүрөт. Э.Асылбекова жумуштан кеткенден бери башкы бухгалтер болгон мурдагы кассир жалгыз иштөөдө. Редакция чарбалык эсептеги мекеме. Каражат кызматкерлердин эмгегинин аркасында рекламалык материалдардан жана жазылуунун эсебинен түшөт. Редакциянын кассасына накталай акча түшкөн учурлар көп. Буга чейин жамаатка кириш-чыгыш каражаттар боюнча отчет берилип турчу, Аленов аны да токтотту. Биз редакциянын каржылык абалына текшерүү жүргүзүү зарыл деп эсептейбиз.
Башкы редактор Аленов жамааттык келишимди талапка ылайык жаңыртууга каршы болуп, аны кабыл алуудан баш тарткан. Анын жеке өзүнө таянган авторитардык режимде иштөө стили азыркы учурга эч алгылыксыз деп эсептейбиз. Кээде эч ким менен эсептешпей туруп, «каалаган чечимин кабыл алып, жеткен жериңерге баргыла!» деп эрдемсингени мыйзамды да, жетекчилерди да тоготпойбу деген ойго жетелебей койбойт. Редактордун ар бир жолку кызматкерлерди какмалоосунан улам, жамаатта жагымдуу чыгармачылык маанай жок. Жамааттын маанайы түшкөн. Четинен башка жумуш издеп кетип жатышат.
Кадрларды өзүнө жагат же жакпайт деген принципте өз каалоосу менен кетүүгө мажбурлап, кыскартуу реформа эмес. Эгерде гезиттин мазмунун, стилин, жасалгасын жаңыртып, окумдуулугун көтөрүү үчүн жаңы редакциялык саясатты аныктаса гана реформа болушу мүмкүн. Бир жыл иштеп гезитке жазылууну уюштуруу боюнча иш кылганын көргөн жокпуз. Акыркы чогулуштардын биринде облустук кабарчылардын кереги жок, алар иштесе тапкан рекламалык материалынын процентине гана иштеши керек деген пикирин айтты. Анда биздин эмнебиз жалпы мамлекеттик гезит? Тескерисинче, облустук кабарчыларды күчтөө максатка ылайык жана зарыл. Эгерде мыкты кадрлар керек десе анда пенсия курагындагыларды кайра алма эмес.
Эмгек тартиби катардагы кызматкерден баштап жетекчиге чейин тиешелүү. Бирок Аленов кызматкерлердин эртең менен канчада келгенин журналга жаздырып кол койдурат. Саат 9дан кийин журналды алып коёт. Бирок ошол эле учурда өзү каалаган учурда келип, каалаган учурда кетет. Кээде жумушка 3-4 күн келбей койгон учурлары да бар. Гезит чыгып жаткан күндөрү да жок болот же эрте кетип калат. Демек, ал да өз милдетин мыйзам чегинде аткарбай жатат. Ал үчүн ага ким сурак кылат? Журналисттик иш төрт дубалдын ичинде жана убакыт-саат менен ченелбейт. Журналист көчөдө, үйдө жүрүп да өзүнүн материалын ойлонуп, жан-дүйнөсүндө бышырып анан жазат.
Аленовдун өткөндөгүсү да мактанарлык эмес. Ага “шантаж жолу менен акча талап кылуу” деген айып менен учурунда кылмыш иши козголгону жөнүндө маалымат бар. Ошондой эле анын аморалдык жашоосу боюнча да узун кептер айтылып жүрөт. Өзүнүн адамдык ыйманы жана мыйзам алдында жоопкерчилиги жок, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабаган адамдын мамлекеттик расмий гезитте жетекчи болууга акысы барбы? Биз Бахпурбек Аленовду башкы редакторлук кызматка ылайыксыз деп эсептейбиз!
P. S. Эгерде Аленов боюнча жамааттын пикирин билгиңиздер келсе, кызматкерлер менен редактордун катышуусусуз жекече сүйлөшүүнү суранабыз. Себеби, жамааттын көз алдына өзүн тиран катары көрсөткөн Аленов менен чогулуш үстүндө сүйлөшүүгө мүмкүн эмес жана кызматкерлер ойлорун толук айта албашы мүмкүн. Биз Сиздерден азыр иштеп жаткандар менен гана эмес, буга чейин иштеп кеткен кызматкерлер менен да сүйлөшүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Жамааттын атынан профсоюз уюмунун төрайымы
Асел БАРЫКТАБАСОВА
P.S. Бул кайрылуу каты бүгүн, 10-февралда биздин редакцияга келип түштү. Биз экинчи тарап — Бахпурбек Аленовдун да пикирин угууга даярбыз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.