Кыргызпатенттин директору менен КМТУнун ректору эмне болгон келишимге кол коюшту?

Кыргызпатенттин директору менен КМТУнун ректору эмне болгон келишимге кол коюшту?
Бүгүн, 9-февралда Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма соз кызматы билдирди.
Келишимге Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев кол койду. Ага ылайык, тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсү жана жогорку  жайларында инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү жаатында кызматташат.
Иш-чаранын алкагында, Рахат Керимбаеванын жана мекеменинин эксперттеринин КМТУнун илимий-окутуучулук курамы менен жолугушуусу өткөрүлүп, жаштардын илимий-изилдөөчүлүк потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды. ЖОЖдун кызматкерлери окуу жайын инновациялык багытта өнүктүрүү боюнча долбоорлорун презентациялашты. Соңунда Кыргызпатенттин өкүлдөрү КМТУнун илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары менен таанышып чыгышты.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.