Ош ОИИБ: “Йакын-Инкар” диний экстремисттик кыймылынын 8 мүчөсү кармалды»

Ош ОИИБ: “Йакын-Инкар” диний экстремисттик кыймылынын 8 мүчөсү кармалды»

Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик кыймылынын 8 мүчөсү Араван районунда кармалганын Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, кармалгандардын төртөө Араван районунун, экөө Кадамжай, экөө Ноокат районунун тургундары, кичүүсү 21, улуусу 53 жашта. Төрт факты боюнча кылмыш иши козголуп, эки иш сотко өткөрүлгөн. Буга чейин аларды “Йакын-Инкар” кыймылынын идеологияларын жайылтканы үчүн Бишкектеги Октябрь райондук соту жоопко тарткан.

“Йакын инкар” диний агым 2017-жылы экстремисттик деп табылган. Бул агым “Таблиги жамаат” уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ, алар өздөрүн “пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз” деп эсептешет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.