ВИДЕО — Бала бакчадагы балдар депутаттарга караганда ГИМНди толук билишет экен

ВИДЕО — Бала бакчадагы балдар депутаттарга караганда ГИМНди толук билишет экен

«Улуттук ГИМН, урпактардын аткаруусунда. Ылайым Мекен деген жеткинчектер көбөйсүн» деп Майрамбүбү Абдыканова аттуу айым «Фейсбуктагы» баракчасына бала бакчада ГИМНди ырдаган балдардын тасмасын жайгаштырды. Тасманын таржымалын сурасак, бир жыл мурун жайгаштырылган экен. Андагы балдар бир жылга чоноюшуптур… «Менин неберемдин группасы, тарбиячылар жиберген. Төмөнкү (Нижний) Ала-Арчадагы бала бакча»,-дейт М.Абдыканова.

Төмөнкү (Нижний) Ала-Арчадагы бала бакчанын балдарынын ырдаганы…

Экс-депутаттардын ГИМНди ырдагандары…

Жогорку Кеңештеги VI чакырылыштагы депутаттары ушинтип ырдай албай, билбегени качып жатышкан учурда, жогорудагы бала бакчадагы балдар толук ырдап тарбиячысын кубантыптыр…

Эми былтыр 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыштын депутаттары ГИМНди жаттап алып, ырдашсын, авторун биле жүрүшсүн деген тилек менен тексти берип турубуз.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни

ГИМН Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 18-декабрындагы токтому менен бекитилген.

Сөзү: Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулуевдики

Музыкасы: Н.Давлесовдуку жана К.Молдобасановдуку

Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине

Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.

Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.