Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Мени деле уга жүр». «Арстан жигиттин» кыргызчасы (ВИДЕО)

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Мени деле уга жүр». «Арстан жигиттин» кыргызчасы (ВИДЕО)
Биз сыйлап-урматтаган, сыймыктанган белгилүү акын, котормочу, журналист Жыргалбек КАСАБОЛОТ агабыз кезектеги ырын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. 
Мени деле уга жүр
Айтып жаттың чыгарчудай желиңди
Аласаң бар өңдүү кыйбас кишиңде.
Унчукпастан жуткан сайын кебиңди
Улам бир сөз өлүп жатты ичимде.
Арызчылсың, бул дүйнөгө таарына
Арак ичсең адамды укпай көшөргөн.
Арманыңды милдет кылдың баарына
А мен баарын сопсоо жүрүп көтөргөм.
Эзилесиң, эстеп өткөн кезиңди,
Эптей салып чындыгыңа жалганды.
Бул өмүрдө сеники эле сезимби?
Бул дүйнөдө сеники эле арманбы?
Бийик сөздү кеп кыласың ар кандай.
Бир ооз менин сурабастан алымды.
Бул дүйнөдө өзүң эле калгандай
Бугуңду айтып кашайтпагын жанымды!
Кинелейсиң киргил суудай топтолуп
Кичинекей чындыгыңды жар салып.
Элдин баарын карагыдай сот болуп
Эч ким сага карыз эмес анчалык.
Көп нерсенин сырын каткан көзүмдү
Көрүп туруп түшүнбөдүң эмгиче.
Уга жүргүн менин деле сөзүмдү
Унчуга албай калган саатым келгиче…
Жыргалбек КАСАБОЛОТ
(10/02/2022)

Түрктөрдү бириктирген «Арстан жигиттин» кыргызчасы

Мыкты котормочу агабыз былтыр, 6-мартта түрк акыны Бедри Рахми Эюбоглу түрмөдө отурган акын досу Назым Хикметке арнаган ырын кыргызчага которуп, ал дүң болгон.
Анда Жыргалбек агабыз: «Бул ырды түрк акыны Бедри Рахми Эюбоглу түрмөдө отурган акын досу Назым Хикметке арнап жазган экен. Аны айтып келген демократ журналист Угур Мумжу киши колдуу болгондо ушул ыр мүрзө башында ырдалган дешет. Зүлфү Ливанелинин керемет обону менен кошулуп элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон бул ырдын котормосун окурмандын сынына сунуш кылам. Аз айып, көп күнөөм болсо кечирерсиңер«,-деп жазган.
Окурмандар мыкты которулганын баса белгилеп, агабызды алкап, макташкан. А чынында мактоого татырлык. Ошол котормону кайрадан жарыялап турубуз.

Арстан жигит

Ушул жактын ийри-буйру жолдору…
Дарттан кургап, камтылбаган колдору.
Тула бою — ырдан бүткөн ойлору,
Мында жатат жигит пири арстаным.
Бүгүн гүлдөр бүр ачпасын назданып,
Муңдуу кабар апкелишти жазганып.
Темир төшөп, кара ташты жазданып,
Мында жатат жигит пири арстаным.
Арам жебей, жанын кыйбай башканын,
Нандай таза, суудай тунук жаш жаны,
Эч ким билбес өкүм күчүн аткарып,
Мында жатат жигит пири арстаным.
Мүрзө аралап ким көрүптүр кырманын?
13 жылдык камак соргон дарманын.
Өлүм мени тандаса жок арманым.
Мында жатат жигит пири арстаным.
Бедри Рахми Эюбоглу.
Которгон Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ
Yiğidim aslanım
Şu sılanın ufak tefek yolları
Ağrıdan sızıdan tutmaz elleri
Tepeden tırnağa şiir dilleri
Yiğidim aslanım burda yatıyor
Bugün efkarlıyım açmasın güller
Yiğidimden kara haber verdiler
Demirden döşeği taştan sedirler
Yiğidim aslanım burda yatıyor
Ne bir haram yedi ne cana kıydı
Ekmek kadar temiz su gibi aydın
Hiç kimse duymadan hükümler giydi
Yiğidim aslanım burda yatıyor
Mezar arasında harman olur mu
On üç yıl mahpusta derman kalır mı
Azrail’e sorsam canım alır mı
Yiğidim aslanım burda yatıyor.
Ырды бу жердеги ВИДЕОдон угуӊуздар.
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.