Белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев каза болду

Белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев каза болду

Эсен болуп, эстей жүр!

Профессионал спорт чөйрөсүндө «Куюн» лакап аты бар белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиевдин каза болгонун Кыргызстандын Кикбоксинг федерациясы Канаттын спорттогу ийгиликтери камтылган видеону жайгаштырып,»Ушел Канатбек Сыдыгалиев… Друг, Муж, Отец, Чемпион! Это большая потеря и трагедия для сообщества кикбоксинга» деген кайгылуу билдирүүнү жазып чыккандан кийин маалым болду…

https://www.instagram.com/p/CZzpn4PIjl-/?utm_source=ig_embed&ig_rid=bc61fc92-c303-44db-8917-4ca79072e5ef

Айылдаш ага-ини, жакындарынын билдиргени боюнча, Канатбек жүрөгү кармап каза болгон. Маалымат боюнча, жүрөгү акыркы убактарда ооруй калып жүргөн. Балким, дегеле жүрөк дарыгерлери айтып келаткандай, бир кездеги спорттук машыгуулар акырындап жүрөккө ашыкча жүк, күч келтиргендей…

Υй-бүлөдө 7 бир туугандын эң кенжеси болгон Канатбек Талас облусунун Талас районундагы Арал айылында 1978-жылы 18-январда туулган. 44 жашка өткөн айда эле толгон…

Канатбек учурунда ушул жылы түзүлгөнүнө 30 жыл боло турган айтылуу «Гермес Профи»(Germes Profee, негиздөөчүсү Александр Воинов) клубунун курамында бир катар беттештерге чыгып, жеңиштерге жеткен:  1999-2000-жылдары кикбоксинг боюнча Евразия чемпиону; 2000-жылы Европа чемпионатында коло, 1999-2001-жылдары Дүйнө чемпиондугунда күмүш, 2003-жылы коло медаль тагынган. 2003-жылы профессионалдар арасында Европа чемпиону болгон.

Чапчаңдыкты, эпчилдикти, шамдагайлыкты, эрктүүлүктү, өжөрлүктү талап кылган, кыймылы көп мушташ өнөрлөрүнө кызыгуу Канатбекте кичинесинен пайда болгон. Бала кезинде сыналгыдан көрүп, өнөрүнө кызыгып кумир тутуп калган Брюс Линин кыймылдарын далай кайталап, каратэ, күрөш ыкмаларын өз алдынча өздөштүрүп отуруп, ошол кызыгуу акыры аны чоң спортко алып келген. Тагырагы, баары мектепти бүтүп, Бишкекке окуйм деп келгенде, жашаган жериме жакыныраак деп тапкан машыгуу залынан башталган. Немис улутундагы алгачкы машыктыруучусу мекенине кетип жатып табыштаган Александр Воинов менен жогорудагыдай чоң спорттогу ийгиликтерди жараткан: алгач жаштар арасында Кыргызстандын чемпионатына катышкан, 21 жашында Дүйнө чемпиону, Евразия чемпиону болгон…Канатбектин «кичине кезимден эле «убагы келгенде балам мыкты спортчу болот» деп айта берчү атам ийгиликтеримди көрбөй кетти» деп арман кылып маек бергени эсибизде…

«Мыкты дос! Мыкты жубай! Мыкты ата! Чемпион!» деп жакшы билгендер сыпаттап жаткан Канатбекти айылдаш инилери: «Жакшы адам болчу… Айылдаштар чогулуп спорттук мелдеш өткөрүп калсак, иш-чара уюштуруп калсак, келчү, дайыма колдоо көрсөтчү…» деп кейип жатышат…

Канатбектин жаркын элеси көп видеолор менен катар ырчы Чыӊгыз Мырзаевдин аткаруусундагы  «Бир тууганым» деген ырга тартылган клипте… аны жакшы билген, сыйлаган, жакшы көргөн жүрөктөрдө калды…

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркум Канатбек Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза-кайгысын теӊ бөлүшөт. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.