Илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык күнүнө карата Кыргызпатентке илимпоздор чогулду

Илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык күнүнө карата Кыргызпатентке илимпоздор чогулду
Бүгүн, 11-февралда Кыргызпатенттин демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фонду (ЮНИСЕФ), БУУнун Аялдар түзүмү, жаштар ишкердигин өнүктүрүү боюнча “Энактус Кыргызстан” компаниясынын колдоосунда Илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык күнүнө карата “Илимдеги аялдар жана кыздар — өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берди. Андан кийин, ЖК сектор башчысы Ч. Бекишова, Билим берүү жана илим министринин орун басары А. Абдраева, БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы программаларынын башчысы С. Жусаева, ЮНИСЕФдин өлкөдөгү кеңсесинин өкүлү Кристин Жольм менен ЮНИСЕФтин өспүрүмдөрдү жана жаштарды өнүктүрүү программасынын координатору Н. Каракулова, гендердик маселелер боюнча координатору Ж. Турмаматова, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Кавказ, Борбор Азия жана Чыгыш Европа боюнча секторунун жетекчиси И. Грибков (онлайн), “Enactus Кыргызстан” уюмунун программалык менеджери К. Чурукова Кыргызстанда илимдеги аялдарды жана кыздарды колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан долбоорлор, пландалган иш-аракеттер тууралуу баяндама жасашты.
Иш-чаранын алкагында илимдеги кыздар үчүн илим, техниканын өнүгүшү тууралуу интеллектуалдык оюндар, викториналар уюштурулуп, “КодифайЛаб”, программалоо академиясынын, “ВиАрКонцепт” компаниясынын жана Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун ФабЛабынын катышуусу менен келечектин кесиби болуп эсептелген программалоо, графикалык дизайн, лазер менен кесүү жана виртуалдык прототиптештирүү боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.
Иш-чарага жаңы конуштардагы, шаар четиндеги мектептерден, ошондой эле мектептен тышкары атайын программалар боюнча илим менен алектенген кыздар тартылып, булардан сырткары мамлекеттик органдардын, парламенттин, эл аралык уюмдардын жана жеке билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Катышуучуларга Кыргызпатенттин Инновациялык борборуна экскурсия, кыздарга илимде багыт бере турган китептердин көргөзмөсү; дүйнө жүзүнө белгилүү, ошондой эле кыргызстандык илимпоз аялдар жөнүндө көргөзмөлөр уюштурулду.
Иш-чаранын максаты – илимий-изилдөө ишмердигине жана кесипке даярдоо чөйрөсүндө аялдарга жана кыздарга мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү.
Илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнү 2015-жылдын 22-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилип, 2016-жылдан тарта дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет. Кыргызпатент буга чейин дагы Илимдеги аялдар жана кыздар күнүнө карата илимпоз айымдар, ойлоп табуучулар, коомдук ишмерлер, студенттер, жаштар менен бир катар жолугушууларды өткөрүп келгендигин белгилей кетүү керек.
Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.