ВИДЕО — Жогорку соттун төрагасы Базарбеков «Укук булагы» долбоорунун ачылышына катышты

ВИДЕО — Жогорку соттун төрагасы Базарбеков «Укук булагы» долбоорунун ачылышына катышты

Бүгүн, 11-февралда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, мамлекеттик органдар жана жарандык сектордун өкүлдөрү USAIDдин Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүн жайылтуу боюнча жаңы долбоордун расмий ачылышына катышты.

Төрага Замирбек Базарбеков өлкөдө сот реформасы жүрүп жаткандыгын, анын негизги максаты көз карандысыз жана эффективдүү сот бийлигин куруу болуп саналат. Мында сот адилеттиги институттарынын көз карандысыздыгынын эл аралык принциптери негиз катары алынгандыгын белгиледи.

Бул процесске сот корпусу, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик бутактары, юридикалык коомчулуктун, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү активдүү катышууда. Төрт багыт боюнча иштерди камтыган  долбоор мамлекеттик органдар, анын ичинде сот органдары менен өз ара аракеттенүүгө багытталган. «Укук булагы» долбоорунун максаты сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, соттордун ишинин ачыктыгын жогорулатуу, коррупцияны азайтуу, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө соттук инновацияларды колдоо экендигин эске алып, Жогорку сот бул багытта тыгыз кызматташууга даяр”,- деди төрага Базарбеков.

«Укук булагы» долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон аталган долбоор жарандардын сот адилеттигине жетүүсүнө көмөк көрсөтүүгө, сот органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга, гендердик сезимталдыкты жайылтууга жана  коррупцияны азайтууга багытталгандыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасындагы калктын укуктук керектөөлөрү туурасында кыскача иликтөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүлдү.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.