Жапаров Нарындагы ГЭС боюнча Орусия менен бир пикирге келишкенин айтты

Жапаров Нарындагы ГЭС боюнча Орусия менен бир пикирге келишкенин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушундагы чыр боюнча Орусия менен бир пикирге келгенин билдирди. Бул тууралуу ал «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аны чечүү жолдору» деп аталган улуттук форумда айтты.

Келишимге ылайык, Министрлер кабинети орусиялык «РусГидро» компаниясына 37 млн. доллар төлөп бермей болду. Бул иштер аяктагандан кийин Жогорку Нарын ГЭС каскадына инвестор тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

2021-жылы март айында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин ошол кездеги жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан «Жогорку Нарын ГЭС каскадын» куруу долбоору боюнча Орусия менен соттошсо «утулуп калат» деп билдирген.

2012-жылы Орусиянын каражаты менен башталган «Жогорку Нарын ГЭС каскадынын» курулушу 2016-жылы токтогон. Ага Кыргызстандын «иш жылбай жатат» деген жүйөсүнүн негизинде келишимден бир тараптуу чыкканы себеп болгон.

Орусия бул долбоорго «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган.

2020-жылы май айында Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген. Учурда бул объект «Электр станциялары» ишканасынын көзөмөлүндө.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.