Камчыбек ТАШИЕВ: «Чарчаган Арыстанымдын акыркы сүрөтү…»

Камчыбек ТАШИЕВ: «Чарчаган Арыстанымдын акыркы сүрөтү…»

Бүгүн, 12-февралда мурдагы ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев каза болду.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасына: «Чарчаган Арыстанымдын акыркы сүрөтү…» деп жазып, маркумдун сүрөтүн жайгаштырды.

«Чарчаган арыстанымдын акыркы сүрөтү…»

64 жаштагы Молдомуса Конгантиев 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында туулган. Ал Курманбек Бакиев бийлигинде  Ички иштер министрлигин 2008-2010-жылдары жетектеген. 2010-жылдагы революциядан кийин кызматтан кеткен, ошол бойдон саясатка аралашкан эмес. Ага эки иш козголгон. Биринчиси: 2005-жылдын 24-март, экинчиси: 2010-жылдын Апрель окуялары. Ал боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон. Прокуратура Конгантиевди 6 жылга камап, 100 миң сом айып пул салууну суранган. 2019-жылы ага козголгон ишти Биринчи май райондук соту 5-июлда карап актаган. 2020-жылы Жогорку сот толук актаган.

2021-жылы 21-январда өмүрлүк жары Базаркүл Нурбаева каза болгон.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.