Дооронбек САДЫРБАЕВ: «Байкуш чыт! Туптуура бир жылдан кийин өзүнүн алгачкы ээлерин издеп келгенин карасаң!»

Дооронбек САДЫРБАЕВ: «Байкуш чыт! Туптуура бир жылдан кийин өзүнүн алгачкы ээлерин издеп келгенин карасаң!»
Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн залкар кинорежиссер, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл артисти Дооронбек САДЫРБАЕВ жарык дүйнөгө келген күн. Көзү өткөнчө Жогорку Кеңештин депутаты (1995-2008-ж.ж.) болуп, парламентте, дегеле саясатта тайсалдабай калыс, курч, мурч сөзүн айтып, чындык деп чыркырап өткөнүн баарыбыз билебиз…

Агабыз Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан (мурдагы Бирлик колхозу) айылында 1939-жылы 13-февралда жарык дүйнөгө келген. Көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак экен. Элибиздин бактысына бир жаралып келип кеткен асыл адамдан 2008-жылдын 28-майында ажыраганбыз: узакка созулган оорунун айынан 69 жашында көз жумуп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. Андан бери ортодо айлар, жылдар агып 14 жыл өтүптүр…

«Кайран эл» деп партия ачып, «Кайран эл» деп кайгырып, капалангандарынын да, санаалаштарынын да аң-сезимин, жүрөгүн ойгото албай, өзүнүн жүрөгү токтоп калды. Сөзү өлбөйт. Жүрөгүнөн чыккан сөздөрү бүгүн да жүрөгүбүздө. Чоңдорду билбейм.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Төрт метр чыт

(Эскермелеринин бири)
Үйлөнүп алдык. Айлык берген күнү атайы магазинге барып, Букешке арнап, роза гүлү бар көгүлтүр түстөгү 4 метр чыт сатып келдим. Келинчегим алып келген белегимдин жупунулугуна карабай мулуңдап сүйүнүп, чыттын бир учунан кармап, боюна ченеп көрдү да:
— Абдан сонун чыт экен. Эртең көйнөк тигип алам. Карасаң, кандай жарашыктуу,— деди жан-алы калбай.
— Кана,— деп бурула бергенимде, колумдагы авторучкамдан бир тамчы сыя чачырап кетип, жанагы чыттын кыргагына бармак басымдай көк-жашыл так болуп калды. — Каап, булгап койбодумбу…
— Ой, эчтеке эмес, бычканда эле бул жерин кесип таштайм,— деп Букеш дегеле кайгырган жок.
«Ана-мына» деп көйнөктү тиккенче Букештин «жеңеси келген жатыптыр» деген кабар угуп калдык. Эми эмне кылдык. Шаарда турабыз. Кызматка орношконума жарым жыл да боло элек. Букеш болсо, али окуусун бүтө элек. Алган айлыгымдын да бир тобун эңшерип салганбыз. Бирок жеңебизди түзүктөп күтпөсөк да болбойт.
— Билесиңби? — деди Букеш азыр эле таба койгон акылын ортого салып,— жеңем келсе колубуздан келишинче коноктойлу да, кетээринде мына бул чытты берели.
— Жупуну болуп калбас бекен?
— Жупуну болсо канттик? Тим эле келип-кетсе деле алыбызга жараша сыйыбызды көрмөк. Бирок жеңем куру келбейт. Демек, биз дагы бирдеке берип жөнөтүшүбүз керек.
— Мейлиң анда, өзүң эле билчи!
Ошентип, Букештин жеңеси келди. Букешке деп көйнөктүк 4 метр «креп-де-шин» алып келиптир. Жеңекелеп асты-үстүнө түшүп коноктогон болдук. Эртеси кетээринде 4 метр чытты алдына койсок, жеңеси:
— Тим эле койбойсуңар да. Мен чыт үчүн келиптирминби? — деп мурдун чүйрүдү.
— Жеңе, кечирип коюңуз, шарт ушундай болуп калды, аман болсок дагы сыйлашып аларбыз, капа болбой кетиңиз,— деп болбой атып, 4 метр чытты колуна карматып жөнөттүк.
Жеңеси бизге таарынгансып кетти. Көп узабай, эми менин жеңем бизди куттуктаганы келип калды. А да куру кол эмес, келиниме деп 4 метр «креп-жор-жет» алып келиптир. Муну да мурунку эле жеңебиздей коноктоп, кетээринде «баягы» Букештин жеңеси алып келген «креп-де-шинди» берип жөнөттүк. Менин жеңем кубанып кетти.
— Эми, Букеш жанагы жеңем алып келген кездемеден көйнөк тигип ал, өңү да түзүк экен,— дедим.
— Жо, тикпей калайын! — деп Букеш айтканыма көнгөн жок. — Али бизди куттуктап келе тургай тууган-уруктун чети оюла элек. Алардын ар бирине бирден көйнөк ала берсек, дайныбызды таппай калабыз. Андан көрө мына бул «креп-жор-жетти» «жүжүр» кылып коёлу.
— Эмне, эмне?
— Хм… «жүжүр» кылып коёлу дейм. Жанагинтип келип калгандарга «жүжүр» кездемени берип, алмаштыра беребиз.
— Ой, ырас айтасың?
Букештин оюнун орундуу экенин, биздин үйдү эжебиз, жеңебиз, жеңебиздин сиңдиси, таажеңебиз, таажеңебиздин кудасы, анын келини дагы ушул сыяктуу «сыйлуу» коноктор сел жүргөндөй каптай баштаганда бир билдим.
Биздин үй өзүнчө бир мейманкана болуп калды. Кээде базарлап келгендер атайылап эле бизге келишпесе да, кечигип калышса дүкөндөн төрт метр кездеме ала коюп келип калышат, анткени, шаарда турабыз да. Жанагы төрт метр чыт: бирде 3 метр «креп-де-шин» болсо бирде 6 метр «шта-пельге» же 5 метр «атласка» айланып калат. Өзүбүз болсо товар алмашуунун кынуусун таап, бир конок алып келген кездемени эмки келчүсүнө арнап коёбуз.
Кээ бир коногубуз таарынып кетсе, кээси кубанып кетет же анын тескерисинче. Анткени бирөө — «креп-де-шин» алып келип, чыт алып кетип жатса, экинчиси — «штапель» алып келип «креп-жор-жетке» ээ болуп жатпайбы.
Биз аркылуу республиканын түштүгүндөгү менин туугандарым менен, түндүгүндөгү Букештин туугандары да таанышышып, катташышып, жанагы биздикиндей «товар алмашуунун» ыкмасын бизден да өркүндөтүп алышкан. Биздин үй болсо эки жактан келгендер үчүн — «автовокзал».
Жакында дагы бир жаңы конок келди.
— Баланча акеңиздин зайыбы, түкүнчө жеңеңиздин эжесинин кайынсиңдиси болом,— дегенде тааныбасам да: — Аа, амансыңарбы? Баланча акем күүлүбү? — деп бабырап-сабырап үйгө киргиздим.
Чай ичип отурганыбызда келинчегим эле ымдап сырткы үйгө чакырат. «Эмне болду экен»,— деп чыгып келсем, жанагы коногубуздун бизге деп алып келген кездемесин колуна кармап алып боору эзилгенче күлүп жатыптыр.
— Тааныдыңбы?
— Эмнени?
— Жакшылап карачы…
— Э-эй, ошобу?
— Ошол.
Баягы биздин, кыргагына сыя тамган, роза гүлү бар, көгүлтүр түстөгү 4 метр чытыбыз. Колдон-колго өткөндүгүнөнбү, айтор, өңүнөн азып кирдебирээк калганына карабастан, баягы биздин чыт экенин жазбай тааныдык.
Байкуш чыт! Туптуура бир жылдан кийин өзүнүн алгачкы ээлерин издеп келгенин карасаң! Бул чыт канча кишини таарынтып, канча кишинин көңүлүн алып, канча кишинин колунан өттү экен? Биз, Букеш экөөбүз, чытка ыраазыбыз, анткени, бир жыл бою «жүжүр» болуп, келген конокторубузду күзөтүп, «саякаттап» жүрүп акыры өзүбүзгө кайра келбедиби. Эми Букеш мындай «малтабар» чытты колдон чыгарбай, жакшылап жууп туруп, көйнөк тигип алат.
Дооронбек САДЫРБАЕВ
P.S. Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүркановдун Кыргыз Эл Баатыры Дооронбек Садырбаевге арнаган ырын бул жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.