Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты кимдер жеңип алды?

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты кимдер жеңип алды?

Кечээ, 12-февралда Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, атайын статуэтка жана диплом тапшырылды.

«2021-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынактагы 1-орунга “МедиаХаб” коомдук фондунун иликтөөчү журналисттери: Али Токтакунов, Арген Бактыбек уулу, Мээрим Айныкеева ээ болду.  Алар  «Калкты карызга батырган финансы махинациялары: «Сомо», «Акчамат», «Финико» аттуу иликтөөлөрү биргелешип даярдашкан.

2-орунга иликтөөчү журналист Мээрим Сырдыбаева ээ болду. Ал «МедиаХаб” коомдук фонду менен биргелешип «Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар» аттуу иликтөөсүн даярдаган.

3-орунду «Жолдон жоголгон 934 миллион» аттуу иликтөөсү үчүн «Азаттыктын» журналисти Айбек Бийбосунов ээледи.
Андан сырткары, “Телевизионная Академия” коомунун астында Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко (“Мыйзамсыз миграция” иликтөөсү), “ПолитКлиника” онлайн-медиасынын жетекчиси Дилбар Алимовага (“Кайыңды кабел заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи”), Борбор Азиядагы Америкалык университетинин студенттери Валентина Галич, Диана Светличная, Таалайбек Талантбек уулу, Екатерина Афанасьева, Сезим Дигербаева, Жүзүмкан Асхатбекова жана окутутуучу Анастасия Валеевага «Жарака»: эмне үчүн кыргызстандык окуучулар экстремалдык шарттарда билим алышууда?” деген аталыштагы журналисттик изилдөөсүнө атайын сыйлыктар тапшырылды.

Сынакка 80ден ашуун материал келип түшкөн…

Белгилүү сүрөтчү Асан Турсункуловдун тарткан портрети

Журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо, быйыл 32 жашка чыкмак. Ал 2018-жылы, 22-июлда каза болгон. Маркумдун өлүмү тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, «журналист сууга чөгүп каза болду» деп билдирген.

2018-жылы Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду ачылган. Алар ишин ошол жылы 14-сентябрда баштаган.
Фонддун максаты — Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо.

Аталган фонд сыйлыкты жыл сайын, маркумдун туулган күнүндө, 12-февралда тапшырат. Быйылкы төртүнчү жолу уюштурулду. Фонддун маалыматына караганда, быйыл сынакка 80ден ашуун материал келип түшкөн.

Кесиптештерди сыйлыгы менен куттуктайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.