ВИДЕО — Садык ШЕР: «Докем менен Бокем жакшы идея, мыкты сөздөрдү 1 сомго сатып алышчу экен…»

ВИДЕО — Садык ШЕР: «Докем менен Бокем жакшы идея, мыкты сөздөрдү 1 сомго сатып алышчу экен…»
Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн залкар кинорежиссер, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл артисти Дооронбек САДЫРБАЕВ жарык дүйнөгө келген күн. Көзү өткөнчө Жогорку Кеңештин депутаты (1995-2008-ж.ж.) болуп, парламентте, дегеле саясатта тайсалдабай калыс, курч, мурч сөзүн айтып, чындык деп чыркырап өткөнүн баарыбыз билебиз…

Агабыз Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан (мурдагы Бирлик колхозу) айылында 1939-жылы 13-февралда жарык дүйнөгө келген. Көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак экен. Элибиздин бактысына бир жаралып келип кеткен асыл адамдан 2008-жылдын 28-майында ажыраганбыз: узакка созулган оорунун айынан 69 жашында көз жумуп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. Андан бери ортодо айлар, жылдар агып 14 жыл өтүптүр…

Дооронбек Садырбаев менен Болот Шердин достугу

Ушундай аталыш менен Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз  былтыр «Фейсбуктагы» баракчасына эки залкардын сүрөтү менен кошо ушул бир сомдуктарды жайгаштырып, мындай деп жазган:

«Эки агабыз ар кыл идеялар менен талашып-тартышып, кызыл чеке да болуп кетишчү дешет. Кээде бири-биринен жакшы идея, мыкты сөздөрдү бир сомго сатып алышчу экен.
Бул сүрөттө Докемдин Бокеме төлөгөн “гонорарлары”.
«Кайран гана мурдуңа бок сүйкөлгөн кыргыздар!»
А чынында, экөө тең эл, жер, кыргызга күйгөн, Кыргызстанды сүйгөн асыл адамдар эле… Парламенттин көркүн ачкан депутаттар эле…
«Кайран гана эл! Кайран гана мамлекет! Кайран гана мурдуңа бок сүйкөлгөн кыргыздар! Дагы тарткылыгың алдыда экен. Белиңди бекем бууп, чыдагын, өзүндүн зөөкүр уулдарыңа, өзүңдүн зөөкүр кыздарыңа!” — деп айтты эле Дооронбек Садырбаев.
«Кайран эл» деп партия ачып, «Кайран эл» деп кайгырып, капалангандарынын да, санаалаштарынын да аң-сезимин, жүрөгүн ойгото албай, өзүнүн жүрөгү токтоп калды. Сөзү өлбөйт. Жүрөгүнөн чыккан сөздөрү бүгүн да жүрөгүбүздө. Чоңдорду билбейм.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.