Акылбек ЖАПАРОВ: «Бишкекке 2 миң автобус сатып алуу үчүн каржы булагы табылды»

Акылбек ЖАПАРОВ: «Бишкекке 2 миң автобус сатып алуу үчүн каржы булагы табылды»

Акылбек Жапаровдун Министрлер кабинетинин төрагасы болуп иштеп жатканына 100 күн толду. Ал бүгүн, 15-февралда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, суроолоруна жооп берди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эгер Кыргызстандагы өндүрүшчүлөр жакшы сапаттагы автобус сунуштаса, өкмөт аны сатып алуу жагын карай турганын айтты.

«Биз 2 миң автобус сатып алуу боюнча Бишкек мэрине тапшырма бердик. Каржы булактарын таптык, миң автобусту Беларустан, миңин Казакстандан алууну пландап жатабыз. Эгер биздин өндүрүүчүлөрдүн автобустары талаптарга жооп берсе, сатып алууга даярбыз«, — деди Жапаров.

Бүгүн ЖК депутаты Дастан Бекешов газ менен жүрө турган 250 автобус сатып алууга Европа реконструкция жана өнүгүү банкы 25 миллион евро насыя берерин «Телеграм» каналында билдирди.

Өткөн жылдын аягында Казакстан Кыргызстанга Yutong үлгүсүндөгү газ менен жүрө турган миң автобус жеткирери кабарланган. Меморандумга 8-декбарда өкмөттүк делегациянын Нур-Султандагы сапары учурунда кол коюлган.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, анын балансында 476 даана транспорт бар, анын ичинен 300дөй автобус жараксыз абалга келген.

Ушул тапта шаарды 130 троллейбус жана 82 муниципалдык автобус тейлеп жатат.

Калаа бийлиги коомдук транспорт көйгөйүн чечүү үчүн кеминде 1500 автобус керектигин белгилеп келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.