Акылбек ЖАПАРОВ: «Центерра менен 15-мартка чейин тынч «ажырашууну» макулдаштык»

Акылбек ЖАПАРОВ: «Центерра менен 15-мартка чейин тынч «ажырашууну» макулдаштык»

Акылбек Жапаровдун Министрлер кабинетинин төрагасы болуп иштеп жатканына 100 күн толду. Ал бүгүн, 15-февралда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, суроолоруна жооп берди. Кумтөр кени боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, 2021-жылы 220 млн. доллар таза киреше бергенин билдирди. Кен боюнча «Центерра» менен сүйлөшүү аягына чыгып калганын, жакында коомчулукка, Жогорку Кеңештин депутаттарына толук маалымат берилерин айтты.

«Центерра менен 15-мартка чейин тынч «ажырашууну» макулдаштык. Тышкы башкаруу киргенде 48 миң доллар болчу эсебинде. Төрт-беш жылда даярданып, кыргыздар акыры алат деп ойлоп эле жүрүшүптүр. Эсептерди чет мамлекетке ачып, акчаны ошол жакта кармаган. 329 млн. долларга чейин киреше көрдүк. Резервдик көрсөткүчтөрү бар. 220 млн. доллар таза киреше берип жатат. Бул салыктан башка. Акыркы сүйлөшүүлөр бүткөндө айтып беребиз«, — деди А.Жапаров.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду Кумтөр кени боюнча маалымат бербей жатканын сындаган. Эл өкүлү 10-февралдагы парламент жыйынында алтындын сатылышы, каражат боюнча маалымат бериши керек экендигин баса белгилеген.

Эске сала кетсек, 18-январда Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдагы иши тууралуу отчетун жактырган. Отчетко ылайык, былтыр 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөн. Ишкана жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13,6 миллиард сом которгон. Мындан улам төлөм 150% көбөйгөн.  Алтынды сатуудан түшкөн дүң кирише 856 миллион доллар болгон, анын 621 миллиону ишканага тышкы башкаруу киргизген учурда алынган.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Жарым жылдан кийин «Центерра» кен Кыргызстанга өткөн соң алтын казуу азайып кеткенин билдирип чыккан. «Кумтөр Голд» компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан Кумтөрдүн үзүрүн 2022-жылдан тартып көрө баштарын, январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонуп жатканын айткан.

Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда «Центерра» менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген.

Ак-Шыйрактагы алтын кени…

Кыргызстандагы алтын кендеринин эң ириси – «Кумтөр». Ал Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан. Анда учурунда алтындын 396 тоннадай кору бар деп эсептелген. 1997-жылдан 2018-жылга чейин 345 тоннадай, 2019-жылы, бир жыл ичинде 534,563 унций же 16 тоннадай алтын казылганы айтылган.

«Кумтөр» алтын кенинен кийинки сапта «Макмал», «Жерүй», «Талды-Булак», «Иштанберди», «Солтон-Сары» турат. Мындан башка дагы кендерибиз бар. Бирок, бардыгын чет өлкөлүк компаниялар иштетет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.