Кыргызпатент менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети эмне болгон Меморандумга кол коюшту?

Кыргызпатент менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети эмне болгон Меморандумга кол коюшту?

Бүгүн, 15-февралда Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумга Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана КТМУнун ректору Алпаслан Жейлан кол койду. Тараптар интеллектуалдык менчик жаатында квалификацияны жогорулатууну уюштуруу боюнча биргелешкен ишмердикти координациялоо жана жогорку окуу жайларында инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү жаатында кызматташат.
Иш-чаранын алкагында, КТМУнун илимий-окутуучулук курамы менен жолугушуу өткөрүлүп, жаштардын илимий-изилдөөчүлүк потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Кыргызпатент тарабынан төмөнкүлөр сунушталды:
— окуу жайынын базасында интеллектуалдык менчик боюнча адистерди даярдоо маселеси;
— мектеп окуучуларынын ойлоп табуучулук шыгын ойготуу жана аларды илимий-изилдөөчүлүк менен алектенүүгө тартуу максатында окуу жайынын илимий-окутуучулук курамынан аймактардагы мектептерге коомдук башталыштагы илимий-жетекчилерди бекитүү;
— аймактагы мектептердин базасында 3 кичи инновациялык борбор түзүү.
Окуу жайынын жетекчилиги аталган сунуштарды колдой тургандыгын билдирди. Сунуштарды ишке ашыруу боюнча тараптар иш-аракеттер планын түзүүнү макулдашты.
Мындан сырткары, Кыргызпатенттин директору Р .Керимбаева жана ведомствонун эксперттери «Манас» радиосунун түз эфиринде Кыргызпатенттин ишмердиги тууралуу маек курушту.
Кыргызпатенттин басма сөз кызматы  

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.