Рахат Керимбаева менен Луиз Чемберлен жолугушту

Рахат Керимбаева менен Луиз Чемберлен жолугушту
Бүгүн, 16-февралда Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар инновациялар экосистемасын жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү, жаштардын санариптик жөндөмүн кеңейтүү жаатында кызматташтыкты талкуулашты.
Р. Керимбаева ведомство тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып, биргеликте аймактарда инновациялык жана STEM борборлорун ачууну сунуштады. Ал эми Луиз Чемберлен Кыргызпатенттин ишмердигинин маанилүүлүгүн белгилеп, БУУнун өнүктүрүү программасынын аткарган иштери тууралуу маалымат берди. Пикир алышуунун соңунда, тараптар мындан өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендигин билдиришип, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу жана иш-чараларды өткөрүү боюнча план түзүүнү макулдашты.
Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.