Кайсы 17 медициналык окуу жайы жабылат? (Тизме)

Кайсы 17 медициналык окуу жайы жабылат? (Тизме)
Бүгүн, 17-февралда Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда жабыла турган окуу жайдын тизмесин жарыялады.
Жабыла турган медициналык окуу жайлардын тизмеси:
1. Бишкек финансы-экономикалык академиясы (АДАМ университети);
2. «Ала-Тоо» эл аралык университети;
3. Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;
4. Эл аралык медицина жогорку мектеби;
5. Кыргызстан эл аралык университети;
6. «Салымбеков университет» мекемеси;
7. «Авиценна» эл аралык медицина университети;
8. ЕУ эл аралык медицина университети;
9. Эл аралык медицина университети;
10. «Роэль Метрополитен Университети»;
11. «АВС» академиясы;
12. Эл аралык медицина жана илим университети;
13. Бишкек эл аралык медицина институту;
14. Илим-изилдөө медициналык-санитардык институту;
15. Кыргыз медицина-стоматологиялык институту;
16. Ош эл аралык медицина университети;
17. Эл аралык илим жана бизнес университети.

Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Талапка жооп бере турганы гана калтырылып, калганы жабылат!»

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик жогорку окуу жайы жана факультет жабыларын 15-февралда»Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, ар бир окуу жайды жеке өзү текшерип чыккан. Профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп бербейт! «Талапка жооп бере турганы гана калтырылып, калгандары жабылат. Алардын кожоюндарынын арасында олигархтар, депутаттар, мурдагы премьер-министрлер бар. Бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алышты. Ал жерде абдан чоң акча. Бирок сапаты абдан начар болуп калды. Бизди 10-15 жылдан кийин ким дарылайт, ошону ойлонушубуз керек. Окубай эле “зачет” алып, эптеп-септеп бүткөн дарыгерлер кийин биздин генофондго абдан зыян келтирет”,-деп билдирген А.Бейшеналиев.

Министрдин айтымында, Кыргызстанда медициналык билим берүүчү үч мамлекеттик жогорку окуу жайы бар. Алар – Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы жана Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультеттери. Алардын тышкары медициналык билим берүү багытында иштеген 21 менчик окуу жайы бар.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда медициналык билим алып жаткан студенттер арасында Пакистан, Индия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Грузия мамлекеттеринин жаштары бар.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.