ВИДЕО — Ардагерлер Жогорку Сотко келишти. Арасында Чолпон Баекова бар…

ВИДЕО — Ардагерлер Жогорку Сотко келишти. Арасында Чолпон Баекова бар…

Бүгүн, 17-февралда, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ардагерлер кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин Басма сөз кызматы билдирди

Төрагалык кызматке келгенине эки жумадан эми ашкан Замирбек Базарбеков, албетте, ардагерлер менен баарлашып, тийиштүү кеп-сөзүн айткан. Элибиз илгертен карыларын, аксакалдарын урматтап-сыйлап, кадырлап-барктап келгенин, “Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын кебин капка сал” деген философиясы, маани-маңызы терең макалдар бекер жерден жаралбагандыгына токтолгон.

Чейрек кылымдан ашык судьялык кызматты аркалоо менен Сиздер мол турмуштук жана кесиптик тажрыйба топтодуңуздар. Ошол мол тажрыйба  кийинки муунга өтүп, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда жол көрсөтүп, үлгү болуп туруусу үчүн Сиздер менен ар дайым тыгыз мамиледе болуп, акыл-насаатыңыздарды угуп туралы деген максатты коюп жатабыз”, — деген төрага.

Ардагерлер да сот реформасынын алдыга жылышына алар да кызыкдар экенин, ал үчүн билим-тажрыйба, кеп-кеңештери менен болушунча кол кабыш кылууга даярдыгын, анан Замирбек Базарбековдун сот реформасын жүргүзүүдөгү аракетин толук колдой тургандыктарын айтып, ага улай сот системасындагы бир катар көйгөйлөрдөн кеп козгошуп, ал маселелер оң жагына чечилерине ишенимдерин билдиришкен.

Замирбек Базарбеков өз кезегинде сот бийлигинин мурда-кийинки абалына кайдыгер эмес, ар тараптуу колдоого даяр ардагерлерге ыраазычылык айтып, көйгөйлөрдү чечкенге болгон аракеттерди көрөөрүн убада кылган…

Жыйын этегинде ардагерлер Замирбек Базарбековду жооптуу кызматка келиши менен куттуктап, ак калпак кийгизип, ар жооптуу, ар татаал ишине ийгилик каалап, ак бата беришиптир…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.