Эл аралык Эне тил күнүнө карата Кыргызпатент ойлоп табуучуларга китеп тапшырды…

Эл аралык Эне тил күнүнө карата Кыргызпатент ойлоп табуучуларга китеп тапшырды…
Бүгүн, 21-февраль — Эл аралык Эне тил күнү. Ушул күнгө карата Кыргызпатент “Эне тил жана жаратмандык” аталышта иш-чара өткөрдү. Иш-чарага белгилүү ойлоп табуучулар, илимий кызматкерлер катышты. Аларга жаңы чыгарылган китептер белекке берилип, эстрада ырчылары жагымдуу чыгармаларды тартуулашты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, Кыргызпатент илимде жана техникада маанилүү ачылыштарды жасаган жана ойлоп табуулары өндүрүшкө ийгиликтүү киргизилген ата мекендик ойлоп табуучулар менен сыймыктанарын, өлкөнүн ар бир жаратманынын жергиликтүү өндүрүш үчүн жаңы ойлоп табууларды жаратууга кошкон салымы – жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуунун негизи болорун билдирди. Ошондой эле, келечекте илим өсүп-өнүгүп, кыргыз тилинде жазылып жана сүйлөнүшүнө терең ишеним арта тургандыгын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында, “Кыргыз Республикасынын ойлоп табуучулары жана натыйжалуу жаңычылдары” аттуу китептин бет ачары өткөрүлдү. Китеп Кыргызстандын ойлоп табуучулары жана алардын эмгектери тууралуу маалыматтарды өзүнө камтыйт.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.