Эркеайым БОТАЛИЕВА: «Мен чынында кээ бирөөдөн уялам, Өз тилинде сүйлөй албай кор кылган»

Эркеайым БОТАЛИЕВА: «Мен чынында кээ бирөөдөн уялам, Өз тилинде сүйлөй албай кор кылган»

БОТАЛИЕВА ЭРКЕАЙЫМ ШАКИРОВНА. Акын эжебиз Жумгал өрөөнүнүн, Чаек кыштагында төрөлгөн. Ыр жазууну үчүнчү классында баштаган. Ыр жыйнактарын чогултуп, китеп кылып чыгарууга даярдап жүргөн учуру…

Бүгүн, 21-февраль — Эл аралык эне тил күнү. Эжебиздин эки ырын сурап алдык.

 ЭНЕ ТИЛИМ

Эне тилим өзүң менен оозангам,

Эли-журтум ким экенин тааныгам.

Эзелтеден салт-санааңды унутпай,

Эч бирин да жоготпостон сактагам.

 

Эне тилим өзүң менен мактанам,

Ааламга да Кыргызмын деп жар салам.

Бактылуумун тилим, дилим барында,

Баш көтөрүп сыймыктанып баса алам.

 

Мен чынында кээ бирөөдөн уялам,

Өз тилинде сүйлөй албай кор кылган.

Манас ата, Чынгыз ата сүйлөгөн,

Кыргыз тилим ата-бабам туу туткан.

 

Ойлойм сүйлөйм ырларымды да жазам,

Оюмду да толук бойдон бере алам.

Башка тилди билсем дагы айыпсыз,

Өз тилимде адам болуп таанылгам.

 

Өйдөлөй бер өсө бергин талыбай,

Өнүгүүңө салым кошом тажабай.

Өнөрүмдү эмгегимди сага арнайм,

Өзүңө арнап, өлкөмө арнап ыр жазам.

20.09.14-ж

КЫРГЫЗ ЖЕРИМ

Кыргыз жерим кымбатымсың айланам,

Мактайм-жактайм өзүң менен барктанам.

Жети өрөөн жети башка түрлөнүп,

Бүтүндүккө, бир денеге айланган.

 

Көлдү жаздым, сөздүн тандап берметин,

Кумун ташын көркөмдөдүм келбетин.

Көз кубанткан уч-кыйырсыз керемет,

Кыргызымдын бейиш төрү экенин.

 

Тоону жаздым аска-зоосун керилген,

Асман жиреп ар бир чоку тирелген.

Шаркыратма мөлтүр таза булагын,

Чаңкаганда суусун кана сергиткен.

 

Түзүн жаздым, жемиш багы ийилген,

Таза аба жан дүйнөңдү жибиткен.

Эгин талаа сары алтындай жайкалып,

Көргөндөрдүн көңүл кушун эргиткен.

 

Кыргыз жерим кымбатымсың садагам,

Мактайм-жактайм өзүң менен бааланам.

Жети өрөөн жети башка түрлөнүп,

Бүтүндүккө, бир денеге айланган.

Эркеайым БОТАЛИЕВА

23.12.17-ж

Белгилей кетсек, 1999-жылдан бери 21-февралда көптөгөн өлкөлөрдө Эл аралык эне тил күнү белгиленет.

Булак: alakan.biz

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.