ИИМге жиберген Руфинанын ыраазычылык каты…

ИИМге жиберген Руфинанын ыраазычылык каты…

ИИМ: Жарандардын ыраазычылыгына арзыган Чүй райондук тартип сакчылары Ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековго, Чүй районунун жашоочусу Мисько Руфина Васильевна милиция кызматкерлеринин иш-аракетин жогору баалап, ыраазычылык кат жөнөттү. Бул тууралуу Басма сөз кызматы билдирди.

Руфинанын ыраазычылык катында :  “Мен Чүй районунда көптөн бери жашайм. Биз жакта иштеген милиция кызматкерлеринин жарандар менен тыгыз иштешип, калктын көйгөйлөрүнө кайдигер мамиле кылбай, жардамын берип келе жаткандары жана сылык мамилелери үчүн жүрөгүм абдан жылыйт”,- деген Рувина айым. Ыраазычылык катты толугу менен сунуштайбыз. “Урматтуу Улан Омоканович, мен Сизге кайрылып жатканымдын себеби төмөнкүдөй. Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн начальниги Эрлан Исмаиловго, анын орун басары Асылбек Назаралиевге жана алар жетектеген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирүүнү туура көрдүм. Алар өзүнүн жасаган иштери менен уурулардан жана тоноочулардан калкты жогорку деңгээлде коргоонун үлгүсүн көрсөтүп келишүүдө. Тергөөчү Адилет Джеңишбеков учурда убактылуу эч ким жашабаган 2 үйдү уурулардан коргоого жардам берди. Ал эми милициянын аймактык тескөөчүлөрү Болот Жороев менен Бекжан Абышев пенсионер курактагы мага өз каражаттарынын эсебинен кулпу сатып келишип, дарбазамды өздөрү оңдоп берип кетишти. Мунун негизинде уруулукка жана тоноочулукка жол беришкен жок. Ал эми нөөмөтчү Закир Адылов менен Данияр Мурзабаевдер жарандарга ар дайым сылык мамиле жасашып, кайрылууларды убагында кабыл алышып, кеңештерин берип турушат. Чүй райондук ИИБдин жетекчилиги дагы жарандар менен тыгыз иштешип, калк менен жолугуп, алдын алуу иштерин жүргүзүп келе жатканын дагы көрүүдөмүн. Сиздерди 23-февраль-Мекенди коргоочулар күнү менен алдын ала куттуктайм. Жарандардын тиреги болуп, элдин кызматында жүрө беришиңиздерге тилектешмин”,-деп жазылган.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги милиция кызматкерлеринин иши жөнүндө коомчулуктун бардык ой-пикирин жогору баалайт жана тартип сакчыларынын дарегине айтылган жылуу сөздөргө терең ыраазычылыгын билдирет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.