Конституциялык палатанын мурдагы төрайымы Чолпон Баекова кимдин башына ак калпак кийгизди?

Конституциялык палатанын мурдагы төрайымы Чолпон Баекова кимдин башына ак калпак кийгизди?

Ардагерлер Замирбек Базарбековго ак батасын беришти

«Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» дегендей, кыргыз эли байыртадан батага өзгөчө маани берип, анын күчүнө, касиетине ишенип келишкен. «Бата алган адамдын тилеги орундалып, жерде калбайт» деп улуу муун ар дайым аксакал карыялардын батасын алып, түбүн ичкенге ашыккан.
Сот тутумунда эмгектенген ардагерлер атайын чогулуп, жакында эле Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган Замирбек Базарбековду өздөрүнүн жыйынына чакырышты.

Бул тууралуу басма сөз кызматы бүгүн, 22-февралда билдирди.

Биринчиден, өлкө башчысынын Жогорку соттун төрагасы болуп Замирбек Базарбековду дайындаган Жарлыгы чыгып, кол коюлган Жарлыктын сыясы кургай электе, ардагерлер ак батасын берели дешкен экен. Экинчиден, ардагерлердин ушул күнгө чейин толгон көйгөйлөрү дагы себеп болуптур. Буга чейин Жогорку сотко канча жетекчи келсе дагы “армандарын” айтып, бирок эч жыйынтык чыкпагандыктан, жаңы дайындалган төрагага чоң үмүт артышкан экен.

Алгач Конституциялык палатанын мурдагы төрайымы Чолпон Баекова аксакалдардын атынан Замирбек Базарбековго ак калпагын кийгизип жатып, оор ошол эле учурда жооптуу кызматка келген Жогорку соттун төрагасына ишинде ийгиликтерди каалап, сот тутумунун ардагерлери аны толук колдой тургандыгын айтты.
Бүгүнкү күндө сотторго айтылып жаткан сын-пикирлерге ардагерлер дагы капа болуп, өздөрүнө жакын кабыл алып жатышкандыгын билдирди. Албетте, сотто бир тарап утса, экинчи тарап утулат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, утулган тараптын маалыматы көбүрөөк чыгып, соттор туурасында терс пикирлер жаралып жаткандыгы аларды өкүнтөт.
Кантсе да өмүрүнүн көбүн сот тутумуна арнап, адилеттүүлүк үчүн болгон аракетин көрүшкөн ардагерлер бүгүн четте жөн тура албагандай. Ар бири сот тутумуна ат көтөргүс салымын кошуп, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга эң аз дегенде чейрек кылым, ал эми алды жарым кылымга жакын өмүрүн арнашкан.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы болуп эмгектенген Курманбек Осмонов Замирбек Базарбеков сот системасын жакшы билген, ошол эле учурда көйгөйүн түшүнгөн инсан катары сыпаттап, ардагерлерге дагы көңүл буруп коюусун суранды.
Ардагерлер бүгүнкү күндө дагы жаңыдан дайындалып келип жаткан жаш судьяларга кеп-кеңешин айтып, тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр.
Замирбек Базарбеков өз сөзүндө кылымдарды карыткан кыргыз эли ар дайым аксакалдарын урматтап-сыйлап, кадырлап-барктап келгени “карысы бардын ырысы бар”, “карынын кебин капка сал” деген терең философиялык макалдарды жараткандыгын айтты.
“Сот реформасы бүгүнкү күндө деле коомчулукта актуалдуу экендигин эске алып, сырттан эмне болоор экен деп карап тура бербей, сиздер билим-тажрыйбаңыздар менен жетишинче кол кабыш кылалы деген аракетиңиздерди билдирип келесиздер.
Баарыбызга белгилүү болгондой сот адилеттигин жүзөгө ашыруу оңой милдеттерден эмес. Бул милдетти аткаруу үчүн терең билим, жогорку кесипкөйлүк, бийик адамгерчилик, адилеттүүлүк, сабырдуулук жана чыдамкайлык талап кылынат.

Чейрек кылымдан ашык судьялык кызматты аркалоо менен Сиздер мол турмуштук жана кесиптик тажрыйба топтодуңуздар. Ошол мол тажрыйба кийинки муунга өтүп, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда жол көрсөтүп, үлгү болуп туруусу үчүн Сиздер менен ар дайым тыгыз мамиледе болуп, акыл-насаатыңыздарды угуп туралы деген максатты коюп жатабыз.
Сот тутумунун ардагерлери катары Сиздер дагы сот бийлигинин учурдагы абалына кайдыгер карабайт деп ишенем.
Ошондуктан баарыбыздын алдыбызда көптөгөн аракеттерди ишке ашыруу милдети турат. Бул милдеттерди ишке ашырууда бизге Сиздердин кеңешиңиздер, акыл-насаатыңыздар керек болот.

Мындан ары сөздөн ишке өтөлү деген талапты сот тутумунун алдына коюп жатам. Буюрса, сиздердин колдоңуздар менен биргеликте жана ынтымакта элдин сотко болгон ишенимин арттырууда, соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылууда алгылыктуу иштер башталат”, -деп белгиледи төрага.
Чынында бүгүнкү күндө сотторго айтылып жаткан сын-пикирлерди моюнга алып, алардын үстүнөн иштей тургандыгын билдирди. Бирок, ошол айтылып жаткан сын-пикирлер канчалык негиздүү бул башка суроо. Чынында бүгүн сот процесстерине катышпай туруп, сотторду жөнү жок сындагандар дагы аз эмес.
Жогорку соттун төрагасы алгач, соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу милдети тургандыгын айтты. Соттор көз карандысыз болмоюнча адилеттүү чечимдер чыкпай тургандыгын белгиледи.
Сот отуруму өтүп жаткан маалда соттун имаратынын алдында адамдарды топтоп, кыйкырык, ызы-чуу менен соттон аларга ыңгайлуу чечимди талап кылып, сотко басым жасоо адатка айланып бараткандай. Ошондой эле судьялар тууралуу такталбаган, жалган маалыматтарды алдын-ала таратып, жаман иштерге айыптоо аркылуу сотко басым жасоо аракеттери да орун алып келет.

Сот тутуму өз аброюн адилеттүү чечимдери, судьялардын кынтыксыз жүрүм-туруму, жогорку кесипкөйлүгү жана адилеттүү, мыйзамдуу иштери менен гана көтөрө алат. Ошондуктан соттордун алдында көптөгөн аракеттерди ишке ашыруу милдети турат. Бул милдеттерди ишке ашырууда сот ардагерлеринин кеңештери, акыл-насааттары керек.

Жогорку Соттун Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.