Президенттин колунан «генерал» наамын кимдер алды?

Президенттин колунан «генерал» наамын кимдер алды?

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен бүгүн, 23-февралда күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилери кезектеги аскердик наам менен сыйланышты. Мамлекет башчы алгач аларды Ата Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.

Президенттин Жарлыгы менен төмөндөгүлөр сыйланды:

— Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековго “милициянын генерал-лейтенанты” наамы ыйгарылды;

— Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бактыбек Бекболотовго “генерал-лейтенант” аскердик наамы ыйгарылды;

— Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге “милициянын генерал-майору” наамы ыйгарылды;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовго “милициянын генерал-майору» наамы ыйгарылды;

— Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраевге “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды;

-Кыргыз Республикасынын УКМК  төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы Жумгалбек Шабданбековго “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды;

— Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин 01003-аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мукамбетовго “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды.

Президент Садыр Жапаров бүгүн наам алган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери аларга жүктөлгөн милдеттерди мындан ары да татыктуу аткара берерине ишенимин билдирди. Аларга мындан аркы кызматына ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.