ИИМ, бейөкмөт уюмдар, медиа эксперттер эки күн эмне болгон мыйзам долбоорун талкуулашты?

ИИМ, бейөкмөт уюмдар, медиа эксперттер эки күн эмне болгон мыйзам долбоорун талкуулашты?
“Jannat Resort” мейманканасынын конференциялар залында ИИМдин демилгеси менен “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын долбоорун мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, медиа эксперттер менен талкуулоо боюнча эки күндүк тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, тегерек столдо буга чейин, аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга жарыяланган.
Кайрадан иштелип чыккан мыйзам долбоору боюнча жыйындын катышуучуларына сөз берилип, ар биринин пикири угулду.
Эл аралык «Ала-Тоо» Университетинин Юриспруденция кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Нурлан Исмаилов: “Эки күндөн бери талкууланып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Себеби, бул мыйзамдын негизги максаты мамлекеттик органдардын, коомдун катышуусу менен өлкөдө минималдуу күч колдонуу менен кантип экстремизмди жана радикалдашууну токтото алабыз, маселе ушунда жатат. Талкууда кызыктар тарап менен эл аралык уюмдар, эксперттер, мамлекеттик органдар, укук коргоо органдары отуруп, бир чечимге келдик. Анткени, бардыгыбыздын максатыбыз бир. Бул мыйзамдын натыйжалуулугун максималдуу жакшыртуу. Адамды жазалабастан, профилактикалык иш-чараларды колдонуу менен экстремизмден, экстремисттик идеологиялык түшүнүктөн жаштарды оолак алып калышыбыз керек. Үч негизги багыт бул мыйзамда чоң мааниге ээ болуп саналат. Биринчиси: профилактика, экинчиси: бөгөт коюу же боло турган кылмышты алдын алуу, үчүнчүсү: кылмыш болуп кете турган болсо, жоопко тартуу болуп саналат. Ошондуктан, биз профилактикалык иштерди күчөтүп, мамлекет билим берүү, диний, коомдук уюмдарды тартуу менен чогуу иштешип, эң негизгиси коомго агартуу иштерин жүргүзүп, бул ишти токтото алабыз”,-деди. 
Ал эми, юрист Надежда Алишова “Биз “Институт Медиа Полиси” коомдук фонду журналисттерди коргоо багытында иш алып барып жаткандыктан, жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү болгон бардык мыйзам долбоорлоруна жандуу катышып, алардын укуктарын эң ириде коргоп келүүдөбүз. Ошондуктан, бул мыйзам долбоорундагы айрым беренелерде ЖМКнын жоопкерчилиги каралганына байланыштуу талкуулоонун башынан аягына чейин катышып, пикирлерибизди билдирип, өзүбүздүн салмактуу сунуштарыбызды бердик”,-деди.
Жалпы кызыкчылыктарды изилдөө” эл аралык уюмунун Орто Азия боюнча жетекчиси Кеңешбек Сайназаровдун айтуусунда, бул мыйзам кабыл алынышы керек. Анткени аталган мыйзам Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. “Бул мыйзам долбоорун талкуулоого коомдун ар кандай катмарындагы аналитикага бай, идиректүү бир сунушун бере турган адамдарды чогултушканын байкадым. Бул жерден Ички иштер министрлигинин көрөгөчтүгүн баса белгилеп кетким келет. Себеби, айрым учурларда мамлекеттик органдар өздөрү даярдайт, Министрлер Кабинетине алып барганда эле, ал жакта кырылып жатып калышат. Ал эми бул талкууда ар бир катышуучунун ою эске алынууда. Бышкан мыйзам долбоору Министрлер Кабинетине барганда талкуулоо жеңил болот. Бул мыйзам долбоору учурда өлкө үчүн абдан маанилүү. Мамлекетибиздин тынчтыгы бир эле мамлекеттик органдарга гана эмес, коомдун өкүлдөрүнө дагы жагат”,-деп пикирин билдирди.
“Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова экстремизм жана адам укугу боюнча мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу, эл аралык стандартка шайкеш келтирүү боюнча өлкөнүн мурдагы президенттери, мурдагы бийлик бул жаатта эч бир көңүл бурганын, көңүл бурса да адам укуктары тепселенген бойдон кала бергенин баса белгиледи. “Ички иштер министрлиги абдан жакшы демилге көтөрүп, жемиштүү иштердин аягына чыкты. “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн, медиа эксперттердин катышуусу менен кызуу талкуулоо учурунда ар түркүн ойлор, сунуштар айтылып, бирдиктүү мыйзам долбоору иштелип чыккансыды. Мындан ары да ИИМ менен бул жаатта өнөктөштүк иретте кызматташууга, бирге иш алпарууга даярбыз, азаматтар!”,-деди өз сөзүндө укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова.
Ал эми укук коргоочу, эксперт Гүлшайыр Абдурасулова бул иш-чара, мамлекетибиз үчүн абдан маанилүү жана өз убагында өткөнүн билдирди. Ал: “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкулоодо ар кандай талаш-тартыштар болду. Бардык жагын карап, анын ичинде Конституциябызга каршы келбеген жактарын эске алдык. Иш-чарага катышкан жана идиректүү ойлорун айткан эксперттерге эч жактан басым, кысым болбоду. Баары эле ойдогудай болду дегенден алысмын. Бирок, эң негизгиси, мыйзам долбоорунун өзөгү, бир-эки жерин эске албаганда даяр болуп калды. Учурдан пайдаланып айтып кете турган жагдай, талкуу кыла турган аянтчаны түзүп берген, демилге кылган Ички иштер министрлиги алкоого татыды. Мындан кийин аталган министрлик менен иш алып барууга даярбыз,-деди.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Жеңиш Жоробеков мыйзам долбоорун талкуулоого активдүү катышкандарга ИИМ жетекчилигинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди. Ал президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Жарлыгына ылайык, колдонуудагы мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү жана “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” КР Мыйзамындагы карама-каршылыктарды жоюу менен Кыргызстандагы ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын талаптарына шайкеш келтирүү максатта жаңы мыйзам долбоорун талкуулап, бир бүтүмгө келгендигин айтып, мыйзамдын иштелип чыгышы бүгүнкү учурдун талабы экендигин баса белгиледи. Эки күндүк иш-чаранын алкагында, аталган мыйзам долбоору катышуучулар тарабынан маңыздуу талкууланып, ар тараптуу айтылган сунуштарды эске алуу менен толук кандуу иштелип чыкканын, Министрлер Кабинетине сунуштала тургандыгын билдирди.
Мыйзам долбоордун негизги максаты адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик иш-аракеттерден коргоо.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.