Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча КОНЦЕПЦИЯ жазган Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болду

Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча КОНЦЕПЦИЯ жазган Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болду

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Мындай маалымат бүгүн, 24-февралда президенттин сайтына жарыяланды.

Ой, ким бул, ой?!

Бир кыз, эки уулдун атасы Эмилбек Абдыкадыров Талас облусунун Талас районунун Кара-Ой айылында 1958-жылы 2-июнда туулган. Жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык институтун «Жылуулук жана газ менен жабдуу жана вентиляция» адистигин аяктаган.
Эмгек жолу көчө шыпыргыч, сантехниктен башталган. Сантехник болуп иштеп жүргөндө, бир топ атактуу инсандардын (Аалы Токомбаев, Чыңгыз Айтматов, Кубанычбек Маликов, Түгөлбай Сыдыкбеков) батасын алган. «Эмгектен уялбаш керек. Эмгек кылсаң эрезеге жетесиң» деп ак эмгек менен эрезеге жеткенин, эмгек менен тепкичтен тепкичке көтөрүлгөнүн Эмилбек мырза айтып келет. ВИДЕО
Кийин Бишкек шаарынын техникалык көзөмөл жана турак жай-коммуналдык чарба системасында инженер, ТКЧ, абаттоо жана коммуникация департаментинин директору, 2002-жылы Бишкек шаарында вице-мэр, КР Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп эмгектенген. Бишкек шаарындагы шаардык кеңешинин депутаты болуп бир нече жолу шайланган.
Өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө кошкон салымы үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
Былтыр, 2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.
Анда Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча КОНЦЕПЦИЯ жазган. Анын ичинде Талас облусуна  логистикалык борбор ачуу планында бар экенин баса белгилеген. Аны бул жерден көрүңүз: ВИДЕО
Белгилей кетсек, буга чейинки мэр Айбек Жунушалиев президенттин жарлыгы менен президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. ВИДЕОлор тажрыйбалуу журналист Айчүрөк Борукеевага таандык.

5 thoughts on “Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча КОНЦЕПЦИЯ жазган Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болду

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.