Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Орду толгус жоготуу. Кабыргабыз кайышып турат»

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Орду толгус жоготуу. Кабыргабыз кайышып турат»

Эсен болуп, эсей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Белгилүү журналист, «Генерал Ысакбек» патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти, «Учкун», «Ош жаңырыгы», «Пресс kg» жана «Эркин Тоо» гезитинин мурдагы редактору, кыргыздан чыккан туңгуч генерал Ысакбек Мониевдин небереси, кесиптешибиз Абдувахаб Мониев каза болгону бүгүн, 24-февралда маалым болду.

Маркумдун сөөгү эртең, 25-февралда туулуп-өскөн жерине коюлат.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Суук кабарды оор кабыл алдым»

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин көңүл айтуусу «Ата Мекен» партиянын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды:

Абдувахаб Мониевдин дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу суук кабарды оор кабыл алдым. Абдувахаб мыкты журналист, жазуучу эле эмес, принцибине бекем турган биздин санаалаш, пикирлеш, партиялаш эле. Ал «Ата Мекен» партиясынын катарында оор күндөрдө биз менен чогуу болду. Абдан сабаттуу, орундуу, токтоо жигит эле. Аттиң, эрте кетти. Орду толгус жоготуу. Кабыргабыз кайышып турат.

Өзүмдүн жана партиянын атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөм. Ыйманы саламат болсун!
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ
Маркум Абдувахаб Мониевдин чоң атасы тууралуу тасмасы…ВИДЕО.

48 гана жашта эле…

Абдувахаб Мониев 48 гана жашта болчу. Ал 1974-жылы Ош облусундагы Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезитинде корректорлуктан баштаган. «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы болуп иштеп, кийин «Пресс kg» гезитинин башкы редактору болгон. 2010-жылдагы революциядан кийин «Эркин-Тоо» гезитин бир жыл жетектеген.
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Абдувахаб Мониевдин жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.