ВИДЕО — Абдувахаб Мониевдин чоң атасы Ысакбек Мониев тууралуу тасмасы…

ВИДЕО — Абдувахаб Мониевдин чоң атасы Ысакбек Мониев тууралуу тасмасы…

Эсен болуп, эсей жүр!

Белгилүү журналист, «Генерал Ысакбек» патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти,  «Учкун», «Ош жаңырыгы», «Пресс kg» жана «Эркин Тоо» гезитинин мурдагы редактору, кыргыздан чыккан туңгуч генерал Ысакбек Мониевдин небереси Абдувахаб Мониев каза болду. Маркумдун сөөгү туулуп-өскөн жерине 25-февралда коюлат.

Абдувахаб Мониев 48 гана жашта болчу. Ал 1974-жылы Ош облусундагы Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезитинде корректорлуктан баштаган. «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы болуп иштеп, кийин «Пресс kg» гезитинин башкы редактору болгон. 2010-жылдагы революциядан кийин «Эркин-Тоо» гезитин бир жыл жетектеген.

Мамат САБЫРОВ: «Абдывахап Чөгөмгө кетип калганда Мелис досумдун кейигени эсимде…»

Белгилүү журналист, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Мамат Сабыров Абдувахаб Мониев «Асаба» гезитине кандайча келип калганы тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:

Эсил-кайран Абдывахап… 1999-жылы мен «Асабада» башкы редактор болуп турганда, «Ака, сиздердин гезитке иштейин дедим эле» деп келген эле. «Генерал Мониевдин небереси экенсин, чоң атаң тууралуу жакшы макала жазып келчи» десем, эртеси эле керемет бир чыгарманы алдыма таштап койгону, кийин экөөбүз менин эски «Жигулиме» отуруп алып, Араванды түрө кыдырганыбыз дале көз алдымда турат.
Бир жолу Абдывахап Чөгөмгө кетип калганда ыраматылык Мелис досум аябай кейигени эсимде. «Эми аныкындай макалаларды эч ким бизге жазып бере албайт»- деген каңырыгы түтөп…
Чын эле… Эми Абдывахаб жазгандай макалаларды эч ким жазып бере албайт. Таланттуулар көп, бирок, Абдывахап табылбайт… Кош, асыл үкам! Алла Таалам жайыңды Жаннаттан кылсын!
P.S. «Асаба», Мелис ЭШИМКАНОВ, Эрнис АСЕК уулу тууралуу эскерүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.
Абдувахаб Мониевдин чоң атасы тууралуу тасмасы…ВИДЕО.
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Абдувахаб Мониевдин жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.