Президент өлүм чыккан жерде мал союлушуна тыюу салган Жарлык чыгарып, себебин түшүндүрдү…

Президент өлүм чыккан жерде мал союлушуна тыюу салган Жарлык чыгарып, себебин түшүндүрдү…

Бүгүн, 24-февралда, президент Садыр Жапаров өлүм чыккан жерде мал союлушуна тыюу салган Жарлык чыгарды. Бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды:

— Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн ушундай Жарлык чыгаруу чечимин кабыл алдым. Бул Жарлыкка ылайык, кыргызстандыктардын баарына: колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат.
Илгертеден бери жалпыбызга белгилүү болуп келгендей, өлүм чыккан үйдө той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктору бир бодо, колунда барлары бештен бодо мал сойгон учурлар бүгүн дагы уланып келет. Жыйынтыгында азыр дагы колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет.
Ошондуктан, кимибиз болбойлу — баарыбызга эреже бирдей болуп, жалпы эрежеге баш ийүүгө чакырам. Антпесек өлүм чыккан үйдө аза күтүүнүн ордуна казан-казан эт кайнап, табак-табак эт тартылып, той сыяктуу көрүнүштөр болуп жатканы бүгүн да болуп жатат.
Ооба, бул Жарлыкка каршы чыккандар дагы болду. «Маселен, эмне үчүн менин атам 90го чыгып, акыркы сапарга кетип жатса, бир жылкы союп узатпашым керек» дегендер чыкты. Бирок мындай жарандарыбыз азчылыкты гана түзөрүнө ишенем. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек.
Өзүмдүн башымдан өткөн бир мисалды айта кетейин. 2019-жылы тун уулум Дастан каза болгондо айылдан бир туугандарым чалып, «үч бодо даярдадык, жетеби» деп сурашты. Мен «кереги жок, тоок дагы сойбойсуңар» деп, эч нерсе сойдурбай койдум. Алар «алыстан көп киши келет, ачка кетиребизби, сөз кылышат, сөзгө калабыз» деп, мени ынандырганга аракет кылышты. «Сөз кылса, мени сөз кылышсын, мен той берип жаткан жокмун, мен аза күтүп жатам» деп караманча каршы болдум. Жыйынтыгында он миңдей адам келип, топурак салып кетишти. Эч ким эч кандай сөз деле кылган жок. Тескерисинче, “ушул туура эле болот экен” деп кеткендер көпчүлүктү түздү.
Ошондуктан, бардык кыргызстандыктардан суранат элем, колдоп бериңиздер. Баарыбыз бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү. Ал эми бул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырам. Жергиликтүү бийликтер: мектептин директорлорунан баштап, участкалык милициялар, айыл өкмөт, райондук мекемелердин жетекчилери, райондун акими, Президенттин өкүлүнө чейин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алышыңарды талап кылам жана ар бириңер жооп берериңерди эскертем!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Президент өлүм чыккан жерде мал союлушуна тыюу салган Жарлык чыгарып, себебин түшүндүрдү…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.