Мэр эртеңки парламенттик шайлоо боюнча кимге кандай тапшырма берди?

Мэр эртеңки парламенттик шайлоо боюнча кимге кандай тапшырма берди?

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров укук коргоо органдары жана шаардык прокуратура жетекчиликтери менен жыйын өткөрдү. Анда эртеңки Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо жүрүшү талкууланды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, мэр Эмилбек Абдыкадыров Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жана Биринчи май, Свердлов райондорунун участкалык шайлоо комиссияларына ар тараптуу жардам көрсөтүү, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо, шайлоо маалында мыйзам бузуулар катталса, ыкчам чара көрүү, мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрүү тапшырмасын берди. 

Жалпысынан Бишкек шаарында 120, ар бир райондо 60тан шайлоо участкасы бар. Эки район боюнча шайлоочулар саны (текшерүү тизмеси) 219 654 адамды түзөт.

Эске салсак, БШК шайлоого катышам деп билдирме берген 72 адамдын 53үн талапкер катары каттаган, үчөөсү шайлоого катышуудан баш тарткан. No27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча 36 талапкер (эркектер – 33, аялдар – 3) арыз берип, анын 27си катталган. No29 Свердлов шайлоо округу боюнча 36 талапкер (эркектер – 25, аялдар – 11) арыз берип, 25и катталган.

Эмнеге кайра шайлоо болууда?..

Эске сала кетсек,  былтыр (2021-жылы) 28-ноябрда парламенттик  шайлоо болуп өткөн. Бир мандаттуу Свердлов, Биринчи Май шайлоо округдарынын шайлоочуларынын те=инен көбү “баарына каршы” деп добуш беришкен. Ошондон улам, БШК ушул жылдын 27-февралына кайра шайлоону дайындаган. Бул шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталып, бүгүн, 26-февралда, эртең мененки саат 8:00дө аяктады. 

Белгилей кетсек, былтыр 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш курамы 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн бир мандаттуу округдардан бирден шайланып келмек, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. Эртеңки кайра шайлоодо утуп чыккан эки талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, 36нын катарын толуктайт… 

Ким келсе экен деп, тандообузду кылдык, эми эртең шайлоо таза өтсүн деп тилеп турабыз… Анткени эл ишенген талапкерлер табылып, татыктуулар тандалчудай… эгер адал ишинен али да күмөнүбүз көп АСУ гана «киши колдуу» болуп иштен чыгып кетпесе…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.