Пакистандык студенттер милиция кызматкерлери менен жолугушту. Полковник Иманалиев аларга эмне деди?

Пакистандык студенттер милиция кызматкерлери менен жолугушту. Полковник Иманалиев аларга эмне деди?

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы С.Тентишев атындагы Азия медициналык университетиндеги пакистандык студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 26-февралда билдирди. 

Алардын маалыматына караганда, аларга кылмыштуулукту алдын алуу, укук бузуудагы жоопкерчилик жана мыйзамдарды сактоо боюнча маалымат берилген. ИИМдин КИББнын кумар оюндарына, чет элдик жарандарга каршы кылмыштарга жана адам сатууга каршы күрөштү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Чыңгызбек Иманалиев чет элдик студенттер менен маектешти.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери быйылкы жылы жасалган тоноо боюнча 3 факты тууралуу айтып берип, жабыр тарткандар чет элдик студенттер экенин билдиришти. Борбор калаада тоноо иш-аракеттери саат болжолуу 01.30 чамаларында, көчөлөр дээрлик ээн турган маалда жасалган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан аталган тоноочулукка байланыштуу 3 кылмыштын бети ачылган. Мындай жолугушууларды өткөрүү студенттер арасында укук бузуулардын алдын алууга, маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга, чет өлкөлүк жарандардын өз укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана милдеттерин аткарууга таасир этет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.