Султан Раев: “Кыргыз сериалдарынын энеси Жеңишгүл Өзүбекова Түркияда. Кыргыз-түрк сериалдары тартылып калса…»

Султан Раев: “Кыргыз сериалдарынын энеси Жеңишгүл Өзүбекова Түркияда. Кыргыз-түрк сериалдары тартылып калса…»

Илгери үмүт берген чыгармачылык жолугушуу өттү

Кечээ, 25-февралда Стамбул шаарында акын, драматург, коомдук ишмер Жеңишгүл Өзүбекованын чыгармачылык кечеси болуп өттү. Бул тууралуу акын, котормочу Айсулуу Көкөева бүгүн, 26-февралда билдирди.

Кечеде акын Жеңишгүл эже жаңы жана элдин жүрөгүндө калган бир топ мыкты: адам өмүрү, жашоо максаты, сүйүү, кыргыз аялдарынын жаркын касиеттери, миграцияда жүргөн мекендештерге ж.б. арналган ырларын окуп берди. Ошондой эле угармандардын суроолоруна жооп берип, “Сыңар сөйкө” аттуу китебин белек кылды.
Иш-чарага келген коноктор ошону менен катар “Жалбыз” деген сериалдын 2 бөлүгүн көрө алышты. Сериал түрк актёрлору тарабынан да жылуу кабыл алынып, чыгармачылык боюнча Жеңишгүл Өзүбекова менен пикир бөлүшүп, келечекте иштешүү боюнча идеяларды талкуулашты.


Иш-чарага Стамбул мэриясынын өкүлү Айше Чаглайан, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова, Турк мамлекеттер уюмунун Баш катчысынын орун басары, Эл жазуучусу Султан Раев, журналисттер, түрк фильмдеринин актерлору, окумуштуулар жана Стамбулдагы студенттер, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, журналисттердин жоон тобу келишти.
Айше Чаглан айым Жеңишгүл Өзүбекованын чыгармачылыктагы жетишкендиктери менен бөлүшүп келгенине чоң ыраазычылык билдирип: “Маданият жаатында колубуздан келген аракетибизди жасаганга даярбыз” –деп, чыгармачылык кечеге ийгилик каалады.

Ал эми Башкы консул Лира Сыдыкова иш-чаранын дүйнөнүн борбору Стамбулда өтүп жатканы абдан жакшы көрүнүш экендигин баса белгилеп, Жеңишгүл Өзүбекованын ар тараптуу чыгармачылыгына токтолуп, чыгармачылык ийгиликтери, жаңы сериалдары менен да келээрине үмүт кылганын айтты.
Жеңишгүл Өзүбекованын чыгармачылыгына токтолгон жазуучу, драматург Султан Раев: “Эже кыргыз сериалдарынын энеси, кыргыз драматургиясында өз орду бар. Бүгүн буюрса Түркиядагы сериал жаатында иштегендер менен чыгармачылык байланыш түзүп калаар. Биргелешкен кыргыз-түрк сериалдары тартылып калса эл достугуна чоң салым болоору шексиз” – деген тилегин билдирди.

Айсулуу КӨКӨЕВА, Стамбул

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.