ВИДЕО — Мэр Эмилбек Абдыкадыров жыйын өткөрүп, шаар жетекчилеринин алдына бир топ милдеттерди койду

ВИДЕО — Мэр Эмилбек Абдыкадыров жыйын өткөрүп, шаар жетекчилеринин алдына бир топ милдеттерди койду

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алгачкы жыйынын өткөрүп, алардын алдына бир катар милдеттерди койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын маалыматына караганда, жыйындын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджетинин долбоору жана кийинки жылдарга экономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолдору талкууланган.
Биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоков бюджеттин долбоору тең салмактуу — Бишкек шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 11 690,0 миллион сом өлчөмүндө пландаштырылганын, 2021-жылга бекитилген планга салыштырмалуу өсүү темпи 114,3% же 1459,0 млн сомго көп экенин билдирген.
Шаар жетекчилеринин алдына коюлган милдеттер:
• Райондук администрациялардын башчылары шаарды жашылдандырууга басым жасоо менен жалпы шаардык ишембиликтерди өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын даярдоосу зарыл;
• «Бишкекжашылчарба» МИ шаардык кызматтар менен биргеликте жайкысын жашыл аянтчаларды үзгүлтүксүз сугаруунун так схемасын түзүү тапшырылды;
• «Тазалык» МИ шаар боюнча санитардык тазалоону күчөтүү тапшырмасы берилди;
• Акимдер чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери жана ижарачылары менен имараттардын фасаддарын жана анын айланасын иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл;
• Шаардык көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө инспекциясына курулуш объектилеринде коопсуздук эрежелеринин сакталышын, анын ичинде курулуш паспортторун, адамдар өтүүчү убактылуу тепкичтердин жана көпүрөлөрдүн болушун, аймактын тосмолорун жана башкаларды текшерүү тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, мындан ары мэрдин жыйыны ар ишембиде өткөрүлүп турат.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп 24-февралда дайындалган.

Мэрдин өмүр баянын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. ВИДЕО тажрыйбалуу журналист Айчүрөк Борукеевага таандык.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.