Эки Владимир эрегиши эмне болуп башталып, эми эмне менен аяктайт?..

Эки Владимир эрегиши эмне болуп башталып, эми эмне менен аяктайт?..
Кечээ, 27-февралда, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Украинадагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.
Украинадагы кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасы тараптардын тез арада тынчтыкка  жетишине үмүттөнөрүн белгилейбиз. Биз түзүлгөн кырдаалды, анын ичинде мындан аркы жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөр жолу менен да жөнгө салууну кубаттайбыз”, — дейт Эрбол Султанбаев.

Буга чейин…

Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү боюнча маалымат жарыяланган.
Маалыматта кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашканы, эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелер, анын ичинде Украина айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышканы жазылган.

Орусия-Украина согушу… Эки Владимир эрегиши эмне болуп башталып, эми эмне менен аяктайт?..

Орусия менен Украинанын согушуп жатканына үч күн болду. Маалымат айдыңы ар кандай кабар-жаңылыктарга толуп чыкты, кайсынысына ишенип, кайсынысына көңүл бурарыбызды билбей баш айланган абалдабыз… Эң башкы так маалымат: бир тууган славян эки элдин ортосуна от жагуу эзелтен болуп келаткан. Европа өлкөлөрүнөн аймагы боюнча алдыда турган Украина далайдан бери батыш менен Россияга геосаясий атаандаштык, таасир боюнча талаш аймак болчу. Бирде батышты жактаган, бирде Россияга ыктаган президент келе калып, акыры Украина Россияга ымалалаш Януковичти алып түшкөн майдандан кийин саясий багытын толугу менен батышка бурган болчу. Ошол Янукович түшкөн маалда Украина тутумундагы аймактар «өз алдынча бөлүнүп кеткенге укуктары бар» сындуу ишаарат-түрткү кептер айтылып, кийин ал процесс жүрүп-жүрүп отуруп, мамлекет деген эл аралык-укуктук макамын дүйнөнүн айрым өлкөлөрү таанып, айрымдары дале тааныбай жаткан ДНР жана ЛНР деген көз карандысыз мамлекеттер жаралган болчу…  

Донбасс аймагындагы мына ушул ДНР (кыргызча Донецк Элдик Республикасы) менен ЛНРдин (кыргызча Луганск Элдик Республикасы) бөлүнүп кетишине каршы Украинанын расмий бийлиги мурунку ажо Порошенкодон бери аларга ыкыс берип келаткан. 6 күн мурун — 19-февралда бул «эки мамлекеттин» жетекчилери Денис Пушилин (ДНР) жана Леонид Пасечник (ЛНР) Россия президенти Владимир Путинге мазмуну окшош «украин бийлигинин аскердик агрессиясына каршы турганга, тынч жарандардын арасында курмандыктарды болтурбоо, турак жай жана инфраструктура объектилеринин талкалануусун жол бербөө үчүн…» «…алардын аймагын «көз карандысыз демократиялык укуктук жана социалдык мамлекет катары таануу…» өтүнүчү менен кайрылышкан болчу. Ушундай эле сунушту Путинге алардан мурунураак Россия парламенти да айткан экен… Украина тарап булардын баары Россиянын Украинага басып киришинин амалы деп билдиришкен эле…

Негизи Россиянын Украинага кол салуусу мүмкүндүгү, андайга жол бербөө тууралуу океандын ар жак-бер жагында, АКШ жана Европада мурдатан айтылып, акыркы убакта абдан күчөгөн болчу. Ал турсун Россиянын расмий бийлиги менен эскертүү иретинде ар кыл деңгээлде эки тараптуу сүйлөшүү, жолугушуулар болгонун билебиз…

Ал ортодо Донбасста абал курчуп: ДНР, ЛНР менен чектеш жерге Украина армиясын күчтөп, күчөгөн атышуулар да орун алып, «Украина кол салышы мүмкүн» деген жүйө менен ДНР, ЛНР аймагынан аялдар, балдар, карылар Россиянын аймактарына көчүрүлүп баштады…

Көп узабай Владимир Путин Россиянын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрүп, ДНР, ЛНР лидерлеринин кайрылуусун карап чыгышты… Владимир Владимирович: «Киев бийлиги бул аймактарда эки жолу аскердик жазалоочу операцияларды жүргүзүштү… Кыязы, кырдаалдын үчүнчү жолу курчушунун күбөсү болуп жатабыз» сындуу кепти айтты ал жыйында… 

21-февралда Владимир Путин теледен кайрылуу жасап, Россия ЛНР менен ДНРдин көз карандысыздыгын тааныгандыгын жарыялап, тийиштүү жарлыктарга кол койду…

 23-февралда — бир катар мамлекеттер Мекенди коргоочулар күнүн майрамдап жатканда  — Донецк жана Луганск элдик республикаларынын жетекчилери Денис Пушилин (ДНР) жана Леонид Пасечник (ЛНР)  «Украина тараптын Донбасстагы кырдаалды күч менен чечкиси келген агрессиясынын мизин кайтарууга» жардам берүү өтүнүчү менен Путинге кайрылышты…  

 24-февралда таң эрте Владимир Путин теледен элге кайрылып, Донбасс аймагында атайын аскердик операция баштоо чечимине келгенин жарыялады. «Донбасстагы элдик республикалар Россияга жардам сурап кайрылды…, түзүлгөн жагдайлар бизден чечкиндүү, ыкчам аракеттерди талап кылып жаткандыктан… атайын аскердик операция жүргүзүү чечимин кабыл алдым…» деген Владимир Путин чуулгандуу кайрылуусунда өз чечимин актаган «атайын операциянын максаты — сегиз жылдан бери Киев режиминин кысымына, ээнбаштыгына, геноцидге кабылган миллиондогон адамдарды коргоо…, …ал үчүн биз Украинаны демилитаризация жана денацификация кылууга умтулабыз…», «…30 жылдан бери НАТОнун чыгышты карай кеңейишин токтотуу боюнча келише албай келебиз, алдоо, басым, кысым, коркутуп-үркүтүү, опузаны эле көрүп келатабыз… а азыр НАТОнун аскердик машинасы Россиянын чек арасына өтө жакындап келип алды…», «…Россияны коргоо үчүн бүгүн биз колдонуп жаткандан башка мүмкүнчүлүк калтырышпады…», «Россия Украинадан келип жаткан туруктуу коркунуч менен жашай албайт, өзүн коопсуз сезе албайт, өнүгө албайт», «Россиянын аракети — өлкө үчүн жаралып жаткан коркунучтардан өзүн коргоосу, Россия болуп жаткан окуяларга кайдыгер карап отура бербейт» сындуу көп жүйө-себептерди айтты… «кан төгүүлөр үчүн бардык жоопкерчилик Украинаны башкарган режимдин абийиринде» деп, украин аскерлерин «украин бийлигинин кылмыштуу буйруктарын аткарбоого, куралын таштап, үй-үйлөрүнө кайтууга» чакырды…

Ошентип «жардам колун» сунган Россия Донбасс чөлкөмүн «агрессорлордон коргоо» сыпатында Украина чегине жетти…

Υч күндөн бери Россия-Украина бир кыйла жоготууларга учурап жатканы айтылууда… Атышуулар, жерден, абадан учкан снаряддар, тийген снаряддар, мизи кайтарылган чабуулдар, жок кылынган объектилер, басылып алынган жерлер, ары жылган, бери жылган чектер, океандын ар жак-бер жагынан айтылып жаткан сындар, санкциялар, опуза, дооматтар… баары карапайым элдин эле кайгысына айланды — карапайым элдин аскер балдары, жай тургундар набыт болуп, кошуна мамлекеттерге он миңдеген украиналыктар качууга аргасыз болушту… 

Эми не дейбиз, геосаятта кыйла тажрыйбалуу, айла-амалдуу Владимир Путин менен саясатка ышкыбоздой эле аралашкан жаш Владимир Зеленскийдин эрегиши, чындыгында Россия-Батыш тиреши — элдешүү, бейтарап тынч сүйлөшүү менен аяктаса дегенбиз, дале ошону тилейбиз… Ошол аракеттер башталгандай эле болгон… «ортомчулар» айнытканбы, же башка себептер барбы, негедир жаңылык болуп чыгып эле токтоп калды…

 Абалга дыкат байкоо салып турабыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Эки Владимир эрегиши эмне болуп башталып, эми эмне менен аяктайт?..

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.