Свердловдон Муртазалиев, Биринчи Майдан Сурабалдиева алдыга чыкты! А Саляновачы?..

Свердловдон Муртазалиев, Биринчи Майдан Сурабалдиева алдыга чыкты! А Саляновачы?..

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо — Биринчи май жана Свердлов районунда болуп өттү.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүү кечки саат 8.00дө жабылды. БШКнын торайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында, Биринчи май округундагы шайлоочулардын 19 982и (17, 67%), Свердлов округунан 33 47 (31, 02%) адам добуш бергенин билдирди.

АСУнун (автоматтык түрдө эсептөө урна) эсептөөсү менен алдын ала жыйынтык төмөндөгүдөй болду:

Биринчи май округунан 9209 (46,09%) добуш менен талапкер Элвира Сурабалдиева алдыга озуп чыкты.

Свердлов округунан 5797 (17,54%) добуш менен талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыкты.

Ал эми Аида Салянова 7-орунду ээледи. Социалдык тармактарда, биздин редакцияга кайрылып, сар-санаа болуп сурап жаткандар үчүн маалымат бердик. Дагы маалымат беребиз! Азырынча ушундай!

БШК менен ИИМге канча арыз келип түшкөн?

БШКнын маалыматына караганда, мыйзам бузууларга байланыштуу 9 арыз түштү. Анын алтоо добуш сатып алуу, бирөө үгүт эрежелерин бузуу, дагы бири добуш берүүнүн купуялуугун бузууга байланыштуу.

ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макиловдун айтымында, шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу 11 арыз-даттануу катталган, анын баары Свердлов округуна тиешелүү. Милиция эки маалымат боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Эмнеге кайра шайлоо болду?

Эске сала кетсек, былтыр (2021-жылы) 28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Бир мандаттуу Свердлов, Биринчи Май шайлоо округдарынын шайлоочуларынын теңинен көбү “баарына каршы” деп добуш беришкен. Ошондон улам, БШК ушул жылдын 27-февралына кайра шайлоону дайындаган. Бул шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда, эртең мененки саат 8:00дө аяктады. 

Белгилей кетсек, былтыр 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш курамы 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн бир мандаттуу округдардан бирден шайланып келмек, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. Шайлоодо утуп чыккан эки талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, 36нын катарын толуктайт!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.