Кыргызпатент Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы менен бирге вебинар өткөрдү

Кыргызпатент Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы менен бирге вебинар өткөрдү

Бүгүн, 28-февралда Кыргызпатент Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы (РМИМА) менен бирге “Инновация аркылуу билим берүү сапатына карай” аталышында вебинар өткөрдү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Вебинар Кыргыз Республикасынын инновациялык мектептеринин жана балдар чыгармачылык борборлорунун мугалимдери жана окуучулары үчүн уюштурулду.

Саламдашуу сөзү менен Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева, РМИМА интеллектуалдык менчикти башкаруу факультетинин деканы А. Никлаус  чыгып сүйлөштү.

Катышуучуларга А. Никлаус интеллектуалдык менчик эмне үчүн керек, эмнеси менен кызык жана учурдун талабы экендигин түшүндүрүп берди. “Ноокат билимканасы” лицейинин директору   М. Музулманов “Мектептеги инновация”  жана Нарын районунун Ж. Мамбетов атындагы мектебинин директору  А. Калназарова “Сапаттуу инновациялык билим берүү өлкөнүн келечеги” аталышында докладдары менен чыгып, инновациялык билим берүү боюнча тажырыйбалары менен бөлүштү.

Вебинардын жүрүшүндө мектептердин инновациялык окутуу ыкмасына өтүүсүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

Вебинардын жыйынтыгында тараптар ушул жаатта мектептер жана балдар билим берүү борборлору менен бирдиктүү иш-аракеттерди улантууну макулдашышты.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.