Бак отургузуу эстафетасы Бишкекке узатылды! Борбор калаага бак “Журналисттер аллеясына” отургузулабы?..

Бак отургузуу эстафетасы Бишкекке узатылды! Борбор калаага бак “Журналисттер аллеясына” отургузулабы?..

Президент Садыр Жапаровдун 3-февралдагы «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Ош шаарынын аймагына 10 миң түп павловния көчөтү отургузулуп, эстафета өткөн жумада — 25-февралда, Бишкек шаарына узатылган.

Эстафета учун ким улайт?..

Ушул эстафетадан улам, кесиптешибиз, журналист Жазгүл Карбосованын 2018-жылдагы “Журналисттер аллеясы” долбоору эске түшүп, “Жазгүл, баягы жакшы долбооруң аябай созулуп кетти го, качан ишке ашырасың, ушул эстафетага жакшы жооп болмок?!” деп сурап калдым. Көрсө, тыпылдап ошол маселе боюнча азыр чуркап жүрүптүр. Президент Садыр Жапаровго, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго кат таштап, алардан жооп күтүп жатыптыр. Айтмакчы, бул демилгени Жазгүл 4 жыл мурун эле баштаган. Ортодо революция болуп кетип, токтоп калганын айтты.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жообу…

Бул долбоору 2018-жылы, андагы президент Сооронбай Жээнбековго дагы жагып, колдоо таап, катына жооп келген экен. Жооп катында Сооронбай Шарипович: “Журналисттер аллеясын” Бишкек жана Ош шаарларына ачсак туура болор” деп сунуш да айтыптыр… Көрсө, Жазгул Карбосова катында бир эле Бишкек эмес, 7 облуска ачылса деген максат-тилегин жазыптыр.

 

2019-жылдагы мэриянын жообу…

Кесиптешибиздин атайын аллея уюштуруп, бак отургузуу идеясы мага абдан жаккан. Ушул долбоору ишке ашса, жакшы жөрөлгөлүү иш болот, буйруса. Себеби, канча деген мыкты журналисттер өтүп кетишти, эскерилгени эскерилип, айрымдар унутта калып деле кетип жатат… “Журналисттер аллеясы” ачылып калса, алардын элеси элдин, биздин көз алдыбызда, эсибизде болуп, саамалык башка иштерге да өбөлгө болмок…

Баса…

Жазгүл бул демилге ишин да чала-чарпыт кылбай, тийиштүү жерлерден  уруксат кагаздарын убагында алып коюптур, анын баары колунда экен. 2019-жылы Бишкек шаардык мэриясы да бул долбоорду колдоп,   «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын маалыматына таянып, долбоордун авторуна жооп бериптир. Андагы катта «Журналисттер аллеясы» Бишкек шаарынын Айни-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан скверде ачылса болору жазылыптыр.

Жакшы идея, мыкты долбоор…

Анда эмесе, кесиптешибиз Жазгүл Карбосованын президент Садыр Жапаровго, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго жазган катынын мазмуну менен сиздер да таанышып коюңуздар…

КАЙРЫЛУУ КАТ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Эмилбек Мырзакулович!

Учурда Бишкектин четине жаңы жолдор курулуп, борборубуздун инфраструктурасы өнүгүүнүн жолунда. Ушундан улам, ошол чоң жолдордун боюнанбы же шаардын четиненби мамлекеттин карамагында болгон 30 сотых ээн жерди журналисттерге атап берсеңиз. Ал жерге ар бир редакциянын өкүлдөрү (кааласа ар бир журналист) бирден бак көчөтүн отургузуп, анын өсүп-өнүшүн, чыгымын өз мойнубузга алып, жазында отургузулган көчөттөрдүн тегерегин тазалап, багып, карап, ошол жерди жашылдандырсак дейм. Бул акырындап кыргыз журналисттеринин аллеясына, тарыхына айланмак. Өлбөс адам жок. Мүмкүн тарыхта ошол дарак, ошол кайың, ошол арча менен ММКнын, журналисттин аты сакталып калаар беле? Биринчиден, бул өлкөнү көрктөндүрүүгө болгон аракет. Экинчиден, редакциянын, журналисттин атынын сакталышы. Үчүнчүдөн, кесипти ардактоонун сыры. Жалпы журналисттердин көңүлүн алууга да кадам болот беле деген ойдомун. Ошондой эле, ал аллея келечекте массалык маалымат каражаттарына арналган иш-чаралардын баары өтө турган, сырттан келген чет элдик журналисттерди суктандырган жаратылыш койнундагы кооз жерге айланар эле.

“Бир бак тиксең, миң сооп аласың” деген хадис да бар. Андыктан, алгачкы жылы Бишкекте журналисттер аллеясын жашылдандыруу иши башталса, кийинки жылы экинчи борборубуз Ош шаарында көчмө жыйын уланмак. Кийин республиканын жети дубанына кезек-кезек менен “Журналисттер аллеясы” түптөлүп, мунун алкагында кесиптештердин ынтымагы артып, патриоттук сезимде ар бир аймактын журналисттери бири-бири менен тыгыз кызматташып, асыл ой, адал иш, ак сөз турмушка баш-көз болоор беле деген тилек.
Эске салсам, Монголия бак тигүү күнүн өткөрүп келе жаткан дүйнөдөгү 33-өлкө. Бул экологиялык демилге президентинин жарлыгы менен бекитилген. Төрт жылда өлкө масштабында 7 миллион түп дарак отургузулган.
Эгер бул катыма сиздин көз карашыңыз туура келип, жооп ала турган болсом, журналисттер аллеясын же паркын түзүү боюнча жазылган долбоор менен тааныштырууга жана уюштуруу ишин өз мойнума алууга даярмын.

“Жаз жарыш, күз күрөш” демекчи, жаз мезгили да кирип келди. Ушул жаз айында “Журналисттер аллеясына” Бишкек шаардык мэриясы тарабынан жер бөлүнүп калса, алгачкы көчөттөр отургузулуп, алгачкы кадамдар башталып калаар беле…

2018-жылы көп жылдан бери багып жүргөн жогорудагы сунушумду, катымды экс-президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке жолдоп, 30-ноябрда (чыгыш № К-10017) андан жооп алгам. (Теркеме тиркелди). Бирок, буга тыкыр көзөмөл болбогондуктан, бул сунуш ишке ашкан эмес. Андыктан, сизге дагы бир ирээт кайрылып, эгер сиз колдосоңуз, балким бул сунуш жогорку деңгээлде ишке ашып, журналисттердин тилектештиги үчүн тарыхта калган кадам болоор деген ишенимдемин.

Жазгүл КАРБОСОВА

Кол топтоо уланууда…

Журналисттердин колу

Жазгүл Карбосованын айтымында, мындай катты президент Садыр Жапаровдун дарегине мурда да жазыптыр. «Ал катым президентке жетпей калды окшойт» деп кайрадан жазганын билдирди. Бу жолу жооп болуп калаар…

Башта белгилегендей, бул долбоор сунуш катары кагазга 4 жыл мурун түшкөн. Анда бир катар кесиптештерибиз колдоп, кол коюп да беришкен эле. Алардын арасында мен дагы бармын. Жазгүлдүн айтымында, улуу муун, ортоңку жана кичүү муундагы журналисттерден кол топтоо азыр да уланууда.

Жазгүл, бул сунушуң эртерээк ишке ашсын! Ийгилик! Долбоордун башталышын, уланышын айттык, эми ачылышын жакын арада жазарбыз, буйруса…

«Бак тиксең адам тазарат! Адамдын пейили агарат!» деп мэр Эмилбек Абдыкадыров агабыздын айтканы бар эле. Анын сыңарындай, бак тигип тазарып, пейилибизди агартып, кесиптешибиздин долбоорун чогуу-чаран, ынтымак менен ишке ашырабыз деген үмүттөмүн!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Ош шаарынын мэри, шаардык кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер биргеликте облустук профсоюздун имаратынын жанындагы сейил бакта көчөт отургузганы тууралуу маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.