Жакында судьяларды ротациялоо башталат

Жакында судьяларды ротациялоо башталат

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Жогорку соттун Пленумунда Жакында судьяларды ротациялоо башталарын билдирди. Бул тууралуу басма сөз кызматы бүгүн, 28-февралда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, жыйынга Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары катышкан.
Ушул айдын башынан тартып жергиликтүү соттор тарабынан жыл жыйынтыктары чыгарылып, өткөн жылда каралган соттук иштер, аткарылган иш чаралар жана башка маселелер боюнча бир катар маалыматтар берилди.
Жалпысынан 2021-жылы Жогорку сотуна даттанылган иштердин саны 2020-жылдагы көрсөткүчтүн эле тегерегинде болгон. Бирок, биринчи инстанциядагы соттордо өткөн жылы 2020-жылга салыштырмалуу жалпы каралган иштердин саны 20,4%, ал эми соттук материалдардын саны 16,4% көбөйгөн.
Алардын ичинен жазык иштери – 16,8%, жарандык иштер – 27,6% көбөйүп, административдик иштер – 5,4% азайган. Албетте, 2021-жылда каралган иштердин санынын 2020-жылга салыштырмалуу көбөйүшүнө 2020-жылы орун алган коронавирус илдетинин тез жайылышы түздөн-түз себеп болгон. Андыктан, бул цифралар канчалык кулакка жагымдуу угулганы менен 2021-жылда каралган иштердин саны жалпысынан пандемия учуруна чейинки көрсөткүчтөрдүн тегерегинен ашкан эмес.

Өзүңүздөр жакшы билгендей, сот адилеттигин жүргүзүү ишине баа берүү сандар менен гана чектелбейт, сот тутумунун ишмердүүлүгү негизинен элдин ишеними жана коомдун пикири менен бааланат.
Ал эми элдин ишеними көз карандысыз соттор тарабынан мыйзамдар менен бекитилген адилеттүү чечимдердин кабыл алынышына жараша көтөрүлөт.
Өткөн жыл жалпы мамлекеттик бийлик органдары менен катар сот бийлик бутагы үчүн да чоң бурулуш алып келген жылдардан болду. Соттордун башка мамлекеттик органдардан индивидуалдык жана институционалдык көз карандысыздыгын жакшыртууну камтыган бир топ конституциялык мыйзамдар жаңы вариантта кабыл алынып, иштеп баштады. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамында судьялардын квотасынын көбөйүшүнө, ал эми судьялардын тартип жоопкерчилигин караган комиссиянын мүчөлүгүндө жалаң гана судьялардын болушуна шарттар түзүлдү.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков белгилегендей, судьялардын көз карандысыздыгын арттыруу үчүн мындан аркы аракеттер, күчтүү, мыйзамдын гана талаасында иш алып барган, эч кайсы органдан жана эч кимден коркпогон сот тутумун түзүү эми өзүбүздүн гана колубузда. Бул маселеде ар бир судьянын жоопкерчилиги жана орду чоң.
Андыктан ар бириңиздерди мыйзамдын гана үстөмдүгү астында иштерди кароого дагы бир жолу чакырып кетем.
Алдыда сотторду ротациялоо маселеси күтүп турат. Ротация — бул мезгилдин талабы, коррупциянын, туугандашуунун, жеңил-желпи, тийип-качма иш жүргүзүүнүн алдын алууга болгон аракет. Мындан ары бул багытта чечкиндүү иш чаралар жүргүзүлөт.
Ошондой эле иштерди кароо мөөнөттөрүнө, соттук териштирүүнү негизсиз создуктуруу маселелерине, иштерди кайрадан кароого жиберүүнүн негиздүүлүгүнө, айрыкча жергиликтүү соттор тарабынан каралган иштер боюнча кабыл алынган соттук актылардын сапатына мындан нары Жогорку сот тарабына катуу көңүл бурулат”,-деп билдирди төрага.
Пленумда соттук коллегиялардын башчылары белгилегендей, апелляциялык инстанциядагы соттор биринчи инстанциядагы соттордун соттук актыларын негизсиз жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароого жиберген учурлардын кездешүүсү, ал эми Жогорку сот тарабынан соттук актылардын жокко чыгарылышына иштин материалдарынын ар тараптуу иликтенбегендиги, соттун тыянактарынын иштин фактылай жагдайларына ылайык келбеши, соттук чечимдердин жүйөлөмө бөлүгүндө тараптардын далилдерине жана жүйөлөрүнө толук баа берилбегендиги, процессуалдык жана укук ченемдердин туура колдонулбагандыгы себеп болуп келгендиги айтылды.
Андыктан, Замирбек Базарбеков соттук коллегиялардын башчыларынан ушул багытта системалуу иш алып барууну жана мындай фактылар боюнча катуу чараларды көрүүнү, алардын алдын алуу боюнча тийиштүү иш-чараларды тайманбастан жүргүзүүнү талап кылды.
Дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай, мындай факторлордун болушу ротация жүргүзүүдө да сөзсүз таасирин тийгизбей койбойт.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.