Абдурахманхажи Муртазалиевдин ордуна Шайлообек Атазов депутат болуп келеби? БШК качан мандат тапшырат?

Абдурахманхажи Муртазалиевдин ордуна Шайлообек Атазов депутат болуп келеби? БШК качан мандат тапшырат?

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралда кайра шайлоо болуп өттү. Бирок, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиевдин алдыга чыкканына атаандаштары ишенбей, шайлоону тааныбай тургандыгын билдиришти.

Шайлоодо 5381 (18.13%) добуш менен 2-орунда ээлеген Шайлообек Атазов шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, шайлоо мыйзам чегинде болгону менен талапкер Муртазалиевдин туугандары добуш сатып алуу фактысы менен кармалган. Бул боюнча тактыкталган тасма да, далил да Ички иштер министрлигинде бар. Атазов алардан жооп күтүп жаткандыгын жана ал боюнча БШК чечим кабыл алыш керектигин баса белгиледи.

Ал эми 4176 (1407%) добуш менен 3-орунду ээлеген Алмаз уулу Аскар да БШКнын алдын ала жыйынтыгына макул эместигин билдирди.

Муртазалиев эмне дейт?

27-февралда АСУ (автоматтык түрдө эсептөө урна) эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча, Биринчи май округунан 9209 (46,09%) добуш менен талапкер Элвира Сурабалдиева алдыга озуп чыкса, Свердлов округунан 5797 (17,54%) добуш менен талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыккан.  А.Муртазалиев: «Шайлоочулардын ишеничин актаганга болгон күчүмдү жумшайм. Ал эми милиция кармап алган үгүтчүлөрдү тааныбайм. Алар менен кийин штабдан тааныштым, алардын айтымында, ал атайын уюштурулган иш болгон экен” деп «Азаттыкка» айтыптыр.

БШК депутаттарга качан мандат берет?

Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) айтымында, эки округдагы шайлоонун жыйынтыгын 12-мартка чейин билдирет. Эки округдук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, добуш берүү күндөн тартып, 13 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин депутатын аныктайт. Ал боюнча кенен маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Муртазалиев түндө кармалып, сурак бергенби?..

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралда кайра шайлоо өтүп, кечки саат 20:00до добушканалар жабылды. АСУ (автоматтык түрдө эсептөө урна) эсептөөнүн жана кол менен саноонун жыйынтыгы менен Биринчи май округунан Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыккан. Бирок, Муртазалиевдин добушу боюнча мыйзам бузуулар бар экендигин атаандаштары да, башкалар да айтышууда. Ал түндө кармалып, сурак бергенби?.. Муртазалиевдин ордуна Атазов депутат болуп келеби?..

Шайлоодо кайсы талапкер канча добуш алганы боюнча БШКнын маалыматын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.